Домой Саясат Стамалиеванын ордуна башка дайындалды

Стамалиеванын ордуна башка дайындалды

25

Президенттин Жарлыгына ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана маалымат катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Наргиза Мансурова дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчынын Жарлыгына ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана маалымат катчысы кызматтары экиге бөлүндү. Буга чейин Толгонай Стамалиева президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болчу. Эми ал маалымат катчы катары иштейт.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү, гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйруктары:

Назгүл Ташпаева Кыргызстандын президентинин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

Кудайберген Базарбаев Кыргызстандын президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20200113/1046754716/prezident-apparat-stamalieva.html