Стабилдүүлүк жана бийликтин ырааттуулугу же популисттер эмнеге шайлоочуларын жоготушат?

19.09.2017 | Коом

1484774895_shayloo

Шайлоо ɵнɵктүгүнүн табияты ушундай окшобойбу. Талапкерлердин кай бирлери шайлоочуларга жалгандарды айтып, кулактарына кесме илип жатса, туруктуу саясий салмагы, электораты бар талапкерлер атаандаштар менен жаман-жакшы айтышпай, шайтан оюндарсыз эле үгүт иштерин жүргүзүү менен алек. Бул шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң эле тынч шайлоо ɵнɵктүгү болот окшойт. Анда бул ɵлкɵбүздɵ  акыркы жылдары кескин ɵзгɵрүүлɵр болгондугун билдирет.

Байкасак,  шайлоого саналуу жумалар калган чакта  мамлекеттеги жашоо ɵз нугунда, ɵз  ыраатында ɵтүүдɵ. Талапкерлердин жүздɵрү түшүрүлгɵн баннер, плакаттардын кɵчɵлɵргɵ толук кеткенин эске албаганда, коомдогу жалпы абал ɵзгɵрүлгɵн жок.  Атүгүл бɵйрɵктɵн шыйрак чыгарып кɵнгɵн революциячылар, убактылуу ɵкмɵтчүлɵр да коомчулуктун кɵңүлүн бурдурчу кадамдарга барыша элек.  Абакта олтурган да, олтуруп калам  деп коркуп жүргɵн да  коррупционерлер демдерин ичтерине катып, күтүү абалдарында турушкандай. Баарынан таң калыштуусу, адатта шайлоодо баш кɵтɵрүшкɵн бейɵкмɵтчүлɵр менен алардын сырт жактардагы демɵɵрчүлɵрүнɵн да негедир бул ирет  үн, сɵз жок. Алар Кыргызстандын ички турмушуна кийлигишпейли  деп чечишкенби? Каалайбызбы, жокпу, бул кимдир бирɵɵлɵргɵ жагабы, жакпайбы, ɵлкɵбүздɵгү шайлоо алдындагы мындай абалдын түзүлүшүнɵ эң ириде Конституциялык реформанын ишке ашуусу, ички иштерге кийлигишүүгɵ бɵгɵт койгон чаралардын кɵрүлгɵнү себепчи болгонун белгилебей коюуга болбойт.

Эң биринчиден, шайлоо системасы түп тамырынан ɵзгɵртүлдү. Атап айтканда, биометриянын киргизилүүсү, электрондук урна, добуштарды автоматтык эсептɵɵ, бюллетендерди дүңүнɵн таштоого бɵгɵт коюу, шайлоочулардын тизмесине «ɵлүк жандарды» киргизүү, карусель ж.б.  Эми мындан ары добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап, ɵзгɵртүү мүмкүн эмес. Ар бир жарандын добушунун мааниси эселеп артып, ар бир добуштан ɵлкɵнүн эртеңки тагдыры кɵз каранды экенин аңдоо мезгили келди.

Бирок тилекке каршы, бир кɵйгɵйдɵн алы арыла элекпиз. Добуштарды  сатуу жана сатып алуу. Учурда эл арасында бир талапкердин  ар бир добушту 100 доллардан сатып алгандан артка кайтпай турганы айтылууда. Ар бир добушка мынча акча короткон талапкер бийликке жетсе, ɵлкɵ бюджетинен канча акчаны солошу керек болот? Эсептеп чыккандан коркосуң. Бирок ошол эле мезгилде социалдык тармактарда буга каршы турууга  жакшы кеңеш айтыла баштады. Акча беришсе ала бергиле да, шайлоо күнү татыктуу талапкерге ɵз добушуңарды бергиле деген. Эгерде интернет айдыңындагы бул демилге жалпы колдоого алынып, жарандар ошондой кадамдарга барышса, добуштарды сатып алуу деген нерсе ɵзүнɵн ɵзү жок болмок.  Чындап келгенде бул нерсе бүгүнкү күндɵ аябай керек  болуп турат. Болбосо, качанга дейре добуштар сатылып алынышы керек?

Учурда кээ бир талапкерлердин үгүт ɵнɵктүгүнɵ болгон мамилеси кɵңүлду бурдурууда. Тагыраагы, эки талапкер үгүт ɵнɵктүгүнүн алкагында  жарандардын добуштары үчүн күрɵшпɵстɵн, ɵздɵрүн мыкты мактоо жагынан сынашып жаткандай таасир калтырат. Баннерлерде, гезит, сайттагы макалаларда ɵздɵрүн мактатып, удабаларды берүү жагынан атаандашып жатышкандай. Булар реалдуулуктан алыстап калышкан эмеспи  деген суроо жаралбай койбойт экен. Бирɵɵсү турак-жай алууга пайызсыз ссудаларды берүүгɵ ишендирип жатса, экинчиси 2023-жылга карата ар бир кыргыз жаранын эки эсе бай кылам деп жүрɵт. Бирок арзан кредиттер менен жеткиликтүү ипотеканын эмне экени элибиз жакшы билет.

Куру сɵздɵр жана реалдуулуктан алыс убадалар. Кыргызстанда дал мына ушул нерселерге шайлоочулар ишенбей калышпадыбы. Эл учурда ɵлкɵдɵ болуп жаткан  реалдуу ɵзгɵрүүлɵргɵ маани берип калышты. Алыс барбай, Бишкекти эле алсак, борбор калаанын тургундары жаңы жолдор салынып, эскилери ремонттолуп, кыйылган бак-дарактардын ордуларына жаңылары отургузулуп, шаардын кɵчɵлɵрү тазаланып жатканын күн сайын кɵрүп, күбɵ болуп жатышат.  Бишкекте жүргүзүлгɵн акыркы сурамжылоонун жыйынтыгына ишенсек, бишкектиктердин учурдагы бийликке ишеними ɵсүп жатат. Б.а. 80 %ды түзɵт экен. Суралгандардын кɵпчүлүгү Атамбаевдин Кыргызстандагы тынчыкты, стабилдүүлүктү жана эл арасындагы ынтымакты камсыз кылуудагы салымы чоң экенин белгилешкен.

Мамлекеттеги акыркы реформалык кадамдар менен ɵзгɵрүүлɵр Сооронбай Жээнбековдун ысымы менен да байланыштуу. Себеби, ал ɵкмɵт башчы болуп турганда ишке ашырылды. Андан соң аткаруу бийлигинин эки тизгин, бир чылбырын  жаш Сапар Исаковго ɵткɵрүп берди. Иштин жана максат, багыттардын үзгүлтүксүздүгү  гана  аткаруу бийлигиндеги ырааттуулукту  жана мамлекеттик башкаруу системасындагы туруктуулукту камсыз кылат. Кɵптɵгɵн саясат таануучулар акыркы жылдардагы ɵнүгүү багыты мындан ары да улантылышы керектигин белгилешет. Анткени, бул стабилдүүлүктү сактоодо, экономиканы ɵнүктүрүп, социалдык жаңыланууларды ишке ашырууда  чоң  мааниге ээ.

Эксперттер пайдубалын Атамбаев түптɵгɵн бүгүнкү системанын улануусу ɵлкɵнүн мындан аркы туруктуу ɵнүгүүсүн камсыздай турганын айтып келишүүдɵ. Аны ɵлкɵнү ɵнүктүрүү моделин түшүнгɵн, колдогон саясатчылар ишке ашыруусу абзел.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: