Сөздөн ишке: Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташууну күчөтмөкчү

24.08.2017 | Саясат

 

29398

Президент Алмазбек Атамбаев бир тууган республика менен мамилени өнүктүрүү үчүн жаңы пайдубалды түптөдү.

Кыргызстан жана Өзбекстан сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жакындашууга реалдуу кадамдарды жасоодо. Эки коңшулаш мамлекеттердин ортосундагы мамиле акыркы жылда кызматташуунун жетишээрлик жогорку темпин кармай алды. Муну 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында соода-экономикалык планда товар жүгүртүү 1,8 эсе өсүшүнөн, ал эми саясый жана маданий-гуманитардык планда – түрдүү деңгээлде катнаштын көбөйүшүнөн байкай алабыз.

Жалпы чек арага, бекем тарыхый байланыштар, миңдеген адамдардын тагдырынын айкалышына карабастан бүгүн гана, көз карандысыздыктын 25 жылдыгынан ашуун убакыт өткөндөн кийин Кыргызстан жана Өзбекстан өз ара мамиленин тарыхында жаңы баракты ачты жана эки тараптуу пайда жана эки тараптуу урмат-сыйдын негизинде топтолуп калган аз эмес көйгөйлөрдү чечүүгө даяр экендиктерин көргөздү.

Чындыгында узак жылдар эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кандайдыр бир тоңдурулган абалда болду, ал эми 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Өзбекстандын чек арасынын жабылышына байланыштуу кандайдыр бир конфликттин белгилери пайда болду. Бул жагдай ошол замат чек арага жакын жашаган жашоочулардын карым-катышынын деңгээлине, ошондой эле чек арага жакын аймактардагы негизинен жергиликтүү калк алектенген соода-сатыкка таасирин тийгизди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жашоо Бишкектеги жашоодон олуттуу айырмалана турганын түшүнүү керек. Союз таркагандан кийин жана Кыргызстан менен Өзбекстан көз карандысыздыкты алышкан соң жергиликтүү жашоочулар өтө узакка дейре чек аралардын бар болуусун кабыл алуудан баш тартып жүрүштү, айрым райондордо жарандардын үйлөрү качандыр бир кездери бир өлкөнүкү болсо, эми эки суверендүү мамлекеттики, шахматтык тартипте жайгашкан, чек аралардын сызыгы огород аркылуу кетиши мүмкүн. Бул жерде эмне айтууга болот, бир мамлекетте ондогон жылдар бою чогуу жашоодон ал жакта баардыгы аралашып калган. Бирок, чек аралар жабылгандан кийин адамдар, эки тарапта тең жашаган бир бүтүн үй-бүлөлөр күтүүсүздөн эле бири-биринен бөлүнүп калышты. Тартиптерди катаалдантуу айрым учурларда мамиле кылууга таптакыр мүмкүнчүлүк бербей калды, адамдар өздөрүнүн туугандарынын тойлоруна же акыркы сапарга узатуусуна келе албай калышты.

Макулдашылбаган чек ара линиясы үчүн жаңжалдын өсүшүнө байланыштуу 2013-2014-жылдары кыргыз-өзбек чек арасындагы татаалдыктын чокусу качандыр бир кезде Өзбекстан менен соода-сатыктын эсебинен жана өзүнүн коңшуларга багытталган ассортименттеринин эсебинен гүлдөп-өнүгүп турган өтө чоң Кара-Суу базары абсолюттуу түрдө адамсыз калды. Сатуучулар өзбек тараптын сатып алуучуларынын жоктугуна даатанып атышты, себеби алар чек арадан өздөрү өтө да албай, жүктөрүн да киргизе албай калышты. Адамдар өздөрүнүн көйгөйлөрүн жана чек арага жакын жашаган калктын жашоосу мурдагыдай кайрадан жандануусу, мамлекеттен мамлекетке коркпой-үркпөй катттоолору, соода-сатык кылуулары, туугандык байланышты кармоолору үчүн эртерээк компромисске келүү жолун табууга болгон каалоолорун эки республиканын тең жетекчилигине жеткирүүгө кандай мүмкүнчүлүк болсо жармашып жатышты.

Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилеринин ортосундагы саясый байланыштар да тез-тезден болгон жок: 2011-жылдан 2016-жылга чейин президенттер Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов болгону эки гана жолу эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү: Кыргызстандын борборунда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатканда 2013-жылы сентябрда Бишкекте жана 2016-жылдын июнунда Ташкентте ШКУнун мамлекет башчыларынын Ташкенттеги жолугушуусунда. Көбүнесе лидерлер көп тараптуу форумдардын аянтчаларында жолугушуп атышты, алар сүйлөшө турган сөз бар болчу, бирок эффективдүү диалог болгон жок.

Кыргыз тараптын бирдей деңгээлде диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн издөөгө, конструктувизм жолу менен кетүүгө жасаган аракеттерине карабастан, өзбек тарап улам-улам одоно мамиле жасап атты. Көпчүлүк маселени чек аралардагы КППларды жабуу, Кыргызстандын түштүк регионунда жашаган керектөөчүлөргө газ берүүнү токтотуп коюу же чек аралардагы макулдашылбаган участкаларга техникаларды жана чек арачыларды жайгаштырып коюу менен чечүүнү оң көрдү. Буларга дагы башка бир топ маселелер кошулду, мисалы, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна караманча каршы туруу позициясы, бул долбоор Нарын – Сыр дарыя агымынын боюнда жайгашкан бардык мамлекеттер үчүн пайдалуу болмогу көрүнүп турса да каршы позицияда болушту. Албетте, эки коңшулаш мамлекеттердин ортосундагы мындай кырдаал жок дегенде чек арага жакын жайгашкан райондордун жашоочуларынын кызыкчылыгы, тууган-уруктары менен тыгыз мамилесин кайтаруу мүмкүнчүлүгүн чечүүнү талап кылды. А. Атамбаев менен И. Каримовдун акыркы жолугушуусунда мамлекеттер ортосундагы бардык көйгөйлүү маселелерди чечүүгө тараптардын даяр экендиктери билдирилгенине карабастан көйгөйлөр улана берген.

Бүгүнкү күндө кыргыз жана өзбек  тарап да мамлекеттер ортосундагы мамиленин жылуусуна айланышы өткөн жылдын күз мезгилинен башталганын, ал эми президент болуп Шавкат Мирзиеев шайлангандан тарта ал мамилени толугу менен калыбына келтирүү үмүтү пайда болгонун жашырбайт. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде Ш. Мирзиеев КР президенти Алмазбек Атамбаев менен бир нече жолу жолукту, алар эки толук кандуу жумушчу жолугушуусун өткөрүштү — 2016-жылдын декабрында кыргыз президентинин Самаркандка жасаган жумушчу сапарында жана 2017-жылдын июнунда ШКУнун отурумуна катышуунун алкагында Астанада.

Эки өлкөнү лидерлери ага чейин да, экөө тең өкмөт башчылык кызматты аркалап турганда да сүйлөшүп турушкан. А. Атамбаевдин сөзү боюнча экөөнүн ортосунда достук мамиле курулган, бул дагы Кыргызстан өтө кызыкдар болгон ынак коңшулук мамилени калыбына келтирүүгө үмүт артууга негиз берет. Өзбек тарап менен мамилени активдештирүүгө өзгөчө басым жасалганына Ш. Мирзиеев Өзбекстандын мамлекет башчылыгына шайлангандан кийинки биринчи жолуккан чет элдик лидери КР президенти болгон фактысы да бекемдейт.

2016-жылдагы Самарканддагы жана 2017-жылдагы Астанадагы жолугушууда эки президент тең өзгөчө соода-экономикалык кызматташуу маселелерине жана албетте чек аралык маселелерди, эң башкысы чек аралардын сызыгын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Эки республиканын тең эксперттери мурда эле бул процесс аяктамайынча, чек аралар конфликттин булагы болуп кала бере тургандыгын билдиришкен. Ошондуктан Казакстандын борборундагы жолугушуудан кийин А. Атамбаев жана Ш. Мирзиеев тиешелүү ведомстволорго кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге кол коюу маселелерин макулдашуу ишин тездетүүгө буйрук беришкен.

Мындан сырткары эки жолку болуп өткөн жолугушууда эки лидер бирдей экономикага, мамилелердин өнүгүшүнө, чектөөлөрдү жана керексиз тоскоолдуктарды жоюуга басым жасоо керектигин билдиришкен.

Алар дагы соода-экономикалык кызматташууга, соода-экономикалык мамилелерди биргелешкен күч менен өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Муну азыр эки өлкө тең көрсөтүп атат: жыл аягына чейин мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 200 миллион долларга көбөйө турганы пландаштырылууда.

Президенттердин өз ара аракеттешүүсүнүн аркасында бир жыл ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен облустарынын ортосунда интенсивдүү байланыш пайда болду. Маселен, бири-бирине сапар менен баруу, өз ара кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду, маданий-гуманитардык байланыш өнүгүүдө. Бул жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият Күндөрү өтөөрү пландаштырылууда, ал эми кийинки жылы дипломатиялык мамилелерге 25-жыл толгон жылы Кыргызстанда Өзбекстандын маданият Күндөрү өтмөкчү. Алтургай эгерде бүгүн мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун өнүгүшүнүн жыйынтыгын чыгара турган болсок, анда ишенимдүү түрдө эки президент тең байланыштардын жандануусуна жана өтө зарыл маселелерди чечүүгө мамлекеттик деңгээлде киришүүгө жаңы импульс берди деп айта алабыз.

Мунун логикалык уландысы 16-августта Бишкекте премьер-министрлердин жолугушуусу жана соода-экономикалык кызматташтык жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму болуп калды. Өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму 2009-жылдын аягынан бери өткөрүлгөн эмес жана маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн башында эле бул отурумдарга өтө жогорку статус берилди: эки тараптан тең комиссияны премьерлер Сооронбай  Жээнбеков жана Абдулла Арипов жетектеди, анын үстүнө Өзбекстанда комиссияны мындай жогорку деңгээлде жетектөө болгону Россия Федерациясы менен гана бар. Мындан сырткары, коңшулаш мамлекеттин өкмөт башчысы жаңы тарыхыбыздагы 25 жыл ичинде биринчи ирет Кыргызстанга келди. Бишкектеги сүйлөшүүдө Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана өзбек делегациясынын бардык мүчөлөрү түз мааниде айтканда Кыргызстан менен «өз ара аракеттешүүнүн бардык сфераларында ишенимдүү жана ачык диалогту» түзүү жана «көп пландуу кызматташууну бекемдөөгө күч жумшоого» даярдыгын билдиришти.

Кыргызстан жана Өзбекстандын бүгүнкү күндөгү өз ара мамилесинин күн тартибинде калктын жана бизнес байланыштарына тоскоолдук жараткан барьерлерди жоюу, соода-сатыкты, транспорт жана коммуникация жаатында кызматташууну, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоону, чек арага жакын аймактардагы кызматташууну өнүктүрүү турат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү бардык талкууланган темаларда тараптар өз ара түшүнүшүүгө келе алышты. Өзбек тарап Кыргызстандын рыногуна айыл чарба техникаларын, автоунааларды, тиричилик техникаларын ташып келүүгө даяр экендиктери боюнча макулдашуу жетишилди.

Кыргыз тарап азык-түлүк жана кайра иштетүүчү өнөр жай продукцияларын, сүт жана эт азыктарын, ошондой эле текстилдик өндүрүш буюмдарын жана электролампа продукцияларын жеткирүүгө даяр. Кыргызстандын ЕАЭБке мүчөлүгү коңшулар менен активдүү соода-сатык жүргүзүүнү өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбайт, ал КМШ катышуучулары кол койгон эркин соода жүгүртүү Зонасы боюнча келишимдин алкагында жүзөгө ашат.  Аныгында президенттер көп айткан соода-экономикалык байланышты толук кандуу калыбына келтирүү тууралуу кеп жүрүп атат.

Мындан сырткары, кыргыз тарап Өзбекстан менен биргеликте өз территориябызда биргелешкен ишкана куруу мүмкүнчүлүгү боюнча билдирди, бул потенциалды активдүү өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин катышуу мүмкүнчүлүгүн пайдалануу жол берет.

Бишкектеги сүйлөшүүдөгү маанилүү чечим мамлекеттик чек аралардан өткөн сызыктарга тиешелүү. Эгерде соода-экономикалык кызматташтык боюнча делегациялардын пикирлери дал келсе, чек ара маселелери жолугушуунун убактысынын негизги бөлүгүн ээледи жана ал бир нече раундда өттү. 16-августка чейин мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз жана өзбек өкмөттүк делегациялары бир нече жыл жолугушкан эмес жана бул маселедеги позитивдүү тенденция да саясый жана экономикалык байланыштар сыяктуу эле 2016-жылдын күзүндө байкалды. Бир жыл ичинде өкмөттүк делегациялардын жумушчу топтору 15 жолугушуу өткөрүштү.

Эки тарап тең Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралардын сызыгын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн процесси «конструктивдүү мүнөздө жана жолугушуулар достук атмосферада өтүүдө» деп белгилешүүдө. Бишкектеги отурумдун жыйынтыгы чек ара боюнча ортодогу Келишим даярдоо чечими болуп калды, ага бүгүнкү күнгө чейин айтылган 1170,53 долбоордук сызык киргизилген. Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1378 километрди түзөт жана аралыктагы документке кол коюу тараптарга делимитациянын 84% сызыгына киришүүгө жол берет, бул албетте чек аралык аймактардагы курчуган абалды төмөндөтүшү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, кыргыз тарап да, өзбек тарап да мамилелердеги прогресске жетишүү боюнча ачык билдиришти, өзгөчө, албетте чек арадан өткөн сызыктар маселелерин чечүүдөгү ийгиликтерди баса белгилешти. Кыргызстандын премьер-министри да, Өзбекстандын өкмөт башчысы да көптөгөн жылдардан кийин Бишкектеги өкмөттөр аралык жолугушуу «эки тараптуу бир туугандык мамилелерди бекемдөө жолундагы маанилүү тепкич болуп калды» деген бирдей пикирде болушту.

16-августтагы жолугушууну Бишкекте да, Ташкентте да эч кандай көбүртүлбөстөн «маанилүү тарыхый окуя» деп аташты, ал эми Кыргызстандын ошогездеги премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун эң маанилүү бөлүгүн «биздин мамлекеттердин жетекчилигинин ачык саясатынан карапайым жарандар гана утат» деп кыска корутундулады.

— Биз Өзбекстандын премьер-министри менен эки тараптуу мамилелердин бардык маселелерин талкууладык. Тиешелүү документтерге кол коюлду. Мен коңшулаш мамлекеттин эки тараптуу өз ара мамиленин тереңдешине жана конструктивдүү диалогго кызыкдар экендигин канааттануу менен айта алам, — деп белгиледи С. Жээнбеков.

Ушул жылдын октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт, бирок жаңы мамлекет башчысы ким болуп шайланса да, президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Өзбекстан менен мамилени өнүктүрүүгө жаңы пайдубал салынып калганы азыртадан эле түшүнүктүү. Ал жаңы пайдубал өз ара мамиленин бардык тараптан өнүгүүсү үчүн активдүү кызматташууга эки тараптын тең каалоосу бар экендигине негизделген.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: