Сөз эркиндиги менен ушак-имиштердин айырмасын аңдай албаган активисттер

24.03.2017 | Коом

сөз эркиндиги боюнча марш

«Сөз эркиндигине кысым жасалып атат, басым болуп атат» деп өздөрүнчө эле бушайман жеген активисттердин «тирилгенине» 1-2 айдай убакыт болуп калды. Алар буга чейин «Сөз эркиндигин коргойлу» деген лозунгдар менен жөө жүрүш, форум сыяктуу аракеттерди жасап да жиберишти. Кезектеги форумду 23-мартта сөз эркиндигин коргоо боюнча аты-жыты анчейин белгисиз комитеттин өкүлдөрү өткөрүштү.

Андыктан демократиялык баалуулуктар деген лозунгдар түрүндө маалымат айдыңында ачык эле дезинформация, алтургай тандалган жалгандарды чыгарып аткан көрүнүштөргө өтө курч көңүл бөлүүгө убакыт келип жетти. Сөз эркиндигин коргойбуз деп, жалган жалаа, ушак-имиштер менен шугулданган жазмакерлерди баатырга айланткандар болууда. Алар чындык кайда, жалган кайда болуп атканын иликтебей эле, «иши кылса алган гранттарды актап коелу» деген максатты көздөп атышкандай. Чет элдик грант берүүчүлөр тарабынан каржыланган бир катар ММКлардагы кош стандарттуулук Кыргызстандагы коомдук-саясый кырдаалды курчутууга багытталган. Айрым эл аралык уюмдар да биздеги имиштерди «ысытып» көтөрүп, «Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучка кабылды» деген сын пикирлерин эч ойлонбостон туруп эле көтөрүшүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда демократиянын укмуштуудай өнүгүп, ар ким оозуна келгенди каалагандай сүйлөп атканын көрүп турабыз. Эркин басылмаларда жалганды жазуу кадимкидей эле көрүнүшкө айланып калды. Мындан айрым саясатчылар пайдаланып калууда, ал эми айрым редакциялар алардын жалган маалыматтарын коомчулукка эч тартынбай эле таркатышууда. Айрым басылмалардын өкүлдөрү өздөрүнүн алдыларына мамлекеттин өнүгүшүнө көбүрөөк терс таасир берүүчү макалаларды жарыялап туралы деген максат коюп алышкнадай таасир калууда. Алар өздөрү жарыялап аткан макалалары аркылуу элибиздин эртеңки күнгө болгон ишенимин жоготууга, кыжаалат болууга түртүп атышканын эң сонун билип турушат.

Андыктан маалымат коопсуздугу маселесинде мамлекет өз эркин көрсөтүшү керек. Ким өз мамлекетин бөлөк элдердин алдында атайылап каралап, кадыр-баркына көлөкө түшүрүп атса, аларга карата катуу чара көрүш керек. Ошондо гана эртеңки күндөн ишеними өчкөндөрдүн саны азаят. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө жалган жана ушактар үчүн жоопкерчилик каралган. Эмне себептен Кыргызстанда сөз эркиндиги дегенди башкача түшүнүшөт? Демократия – бул барды кушак-айыңдарды куя бере турган чуңкур эмес да. Андыктан коомчулукка сенсация түрүндө берилип аткан бардык аракеттерге жооп берүү да болушу керек.

Кырдаалды нугунан чыгаруу аракети азыр деле жасалып атат. Интернетте сөз эркиндигин коргоо үчүн 25-мартта митингге чыгууга үндөгөн провокаторлор пайда болду. Сөз эркиндигин алар эмнеден жана кимден коргошот? Алар сөз эркиндигин эмес, жалган, ушак-имиштерди коргойлу деп атышпайбы. Булардын мындай аракетинен үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Сөз эркиндигин коргоо боюнча биринчи жүрүштө бир нече ондогон активисттердин чыкканын көрдүк, бирок алардын арасында азыраак гана журналисттер, калганы бейөкмөтчүлөр болду. Эмнеге алар Бишкектин борборунда автотранспорттордун жолун тоскулары келишти? Бул эмне демократиябы? Демократия деген түшүнүктүн артында жоопкерчилик бар. Жол тосуу да адам укугун, коомдук тартипти бузгандык. Алар жол тосуу менен башка адамдардын укугун бузуп атышканын түшүнүү керек. Эң башкысы өлкөбүздүн тынчтыгы жана стабилдүүлүгү баарыбыз үчүн биринчи орунда болгону оң.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: