“Соттолгон” деген “макамдагы” президенттикке талапкер А.Келдибеков бизге керекпи?

15.06.2017 | Саясат

  ????????????????????????????????????  “Мыйзамды сыйлайлы, мыйзамдын чегинде жашайлы” деп сүйлөгөндү баардык эле саясатчыларыбыз жакшы өздөштүрүп алышкан. Бирок, ошолордун көпчүлүгү мыйзам чегинде жашаганды анчейин жактыра беришпейт. Алардын логикасы боюнча мыйзам анын өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн тышкары аймакта гана иштеши керек.

Маселен, экс-спикер Акматбек Келдибеков учурда “президенттикке аттанат элем” деген дымак менен жүрөт. Өзүнө караштуу маалымат булактары аркылуу “Алайдын эли А. Келдибековго ак батасын берип, президенттик жарышка аттантышыптыр” деген сыяктуу жарымы жалган, жарымы чын маалыматтарды “ыргыттырып” да коюуда.

Албетте, дымактын болгону жакшы, ага эч ким кине кое албайт. Бирок, ошондой дымак күтөрдөн мурун “мен талапкер боло аламбы?” деген суроону мыйзамдын алкагында бир карап койгон жакшы эмеспи? Сөздү көп чаргытпай, ток этерин айталы, учурда А. Келдибеков соттолгон адам. Тактап айтсак, 2015-жылдын 12-ноябрындагы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү (ЖК төрагасы кезинде Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн Россия Федерациясында мыйзамсыз ачканы боюнча) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал эми башка айрым эпизоддор боюнча күнөөсүз деп табылган. Андан кийин 2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иши жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча айрым актоолорун жокко чыгарган. Ток этерин айтканда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иши жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын чечими менен А. Келдибеков 304-берененин 4-бөлүгү (ЖК төрагасы кезинде Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн Россия Федерациясында мыйзамсыз ачканы боюнча) боюнча күнөөлүү деп табылып, беш миллион сом мамлекетке айып пул төгүүгө милдеттендирилген. Ошол эле берененин, ошол эле бөлүгү боюнча (салыкты чогултуу боюнча функцияны “Бизнес Партнер” ЖЧКсына өткөрүп берүү эпизоду боюнча) дагы бир эпизод менен күнөөлүү деп табылып, дагы беш миллион сом айып пулду төгүүгө милдеттендирилген. Натыйжада жалпысынан 10 млн сом мамлекетке айып пул төккөн. Бирок, анын соттолгондугу ушул жылдын 8-ноябрында гана жоюлат. Анан кантип ал президенттик шайлоого аттанам деп атканы табышмак. Президенттик шайлоого “соттолгон” деген “макамы” бар адам катыша алабы? Шайлоого катышуу үчүн талапкер 45 күн мурда катталууга тийиш. Буга Келдибековдун соттолгондугу жол бербейт. Ошону билип туруп эле боюнан ашык секире берген Келдибековду түшүнүү кыйын болуп туру. 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: