Сооронбай Жээнбековдун жүз күнү. Биринчи сапардан биринчи интригага чейин

03.03.2018 | Саясат

      1036489180

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура 100 күн толду. Бул убакыт аралыгында өтө кескин түрдө эч кандай өзгөрүү боло элек. Мамлекет башчысы азырынча өзүнүн ар бир ишти салмактай ала турганын жана мамлекет кызыкчылыгы үчүн макулдашуу жолдорун таба ала турганын көрсөтүүдө.

Инаугурация салтанатында С. Жээнбеков «Менин мамлекет башчысы катары биринчи жарлыгым Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берип жана «Ак-Шумкар» белгисин тагуу болот» деген эле. Мына ушул убадасына туруп, президенттик кызматка киришкенден 3 күндөн соң экс-президентке эң жогорку мамлекеттик наамды ыйгарды. Мына ушундан кийин мамлекеттин мурдагы жетекчиси тууралуу сөз азыраак айтылып, бардык көңүл жаңы лидерге бурулду.

Борбор калаабыздын жашоочулары үчүн С. Жээнбековдун башкаруусундагы биринчи күндөн тарта өзгөрүүлөр башталды. Мамлекет башчысы өзүнүн Ак үйгө келе турган убактысын өзгөртүү менен бирге жолдорду толугу менен тосуу көрүнүшүнөн баш тартты. С. Жээнбеков жумушуна жалпы шаардыктар жумушуна бара турган таңкы убакыттан эртерээк келе турган болду. Ал жумуш ордунда колдон келишинче эртерээк болууга тырышууда. Тактап айтсак, президенттин кортежи Ак үйгө саат 8:00до келип калат. Муну менен кортеждин айынан шаардыктар азап чегүүчү таңкы жол тыгыны токтоду.

Биринчи сапар

С. Жээнбеков мамлекет башчысы катары өзүнүн биринчи сапарын Россияга жасады. Ал россиялык кесиптеши В. Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана Россия премьер-министри Д. Медведев менен да шаар сыртындагы резиденциясында жолугушту.

Бул сапар Россия тараптын чакыруусу менен болгону да белгилеп кетүүчү жагдай. «Башкача болушу мүмкүн эмес эле. Россия Федерациясы биз үчүн негизги стратегиялык өнөктөш жана союздаш. Мен Владимир Путинге чакыруусу үчүн ыраазымын. Биз актуалдуу маселелерди, мындан аркы кызматташуулардын перспективаларын талкууладык. Менде ага Кыргызстандын жогорку сыйлыгы – 1-даражадагы «Манас» орденин ыйгаруу мүмкүнчүлүгү болду. Биздин делегацияга өтө жылуу мамиле кылышты. Биз талкуулаган бардык маселелер чечилет», — деп айткан ал сапары тууралуу С. Жээнбеков журналисттерге.

Андан ары президент С. Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Минскиге багыт алган. Ал жактан Казакстандын президенти Н. Назарбаев да жолугушту. Ал убакта кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал чечилбей турган эле. Андыктан Сооронбай Жээнбековдун лидер катары жана мамлекеттин биринчи адамы катары конфликтти жөнгө салуу боюнча конкреттүү кадамдардын жасалышын элибиз күтүп турган. Ошентип бир жарым айга созулган чек арадагы блокададан кийин кырдаал өз ордуна келди. Кыргызстан жана Казакстан тууралуу кайрадан бир тууган мамлекеттер деген сөздөр айтыла баштады.

Биринчи расмий сапар

С. Жээнбеков биринчи расмий сапарын Өзбекстанга жасады. Бул сапар тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмү мындайча түшүндүрүү беришти: Акыркы 10 жылда эки мамлекеттин ортоснуда көптөгөн маселелер топтолуп калган. Азыркы тапта эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен, эки тарапка тең пайдалуу негизде маселелерди чечүүгө саясый эрк пайда болду. Андыктан Өзбекстандын президентинин чакыруусу боюнча биздин президент мындан аркы аракеттер жана актуалдуу маселелерди чечүү боюнча, конкреттүү пландарды жана кызматташуунун багыттарын аныктоо боюнча сапар жасоого ниеттенүүдө. Кеп алиге чейин пайдаланылбаган багыттарды аракетке киргизүү тууралуу болуп атат. Биздин мамлекеттердин эки тараптуу кызматташуу потенциалы жогору. Биздин чек араларга жакын жайгашкан райондор, борборлор иштешкиси келип турат. Пландар чоң» .

Ал эми Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле Н. Назарбаевдин чакыруусунан кийин биротоло оңолду. С. Жээнбеков бул чакырууну кабыл алып жана Астанага барып келди.

2017-жылдын акыркы күндөрүндө В. Путин КМШ мамлекеттеринин бардык башчыларын бейформал жолугушууга топтоду. Ал эми февраль айында Сооронбай Жээнбеков Тажикстан тараптын чакыруусу менен Душанбеге барып келди.

Бул сапардагы башкы тема чек араларды делимитациялоо болду. Азырынча конкреттүү чечимдер кабыл алына элек, бирок жумушчу топтору сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, 2015-жылы Тажикстан тараптын демилгеси менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо иши токтогон. Тараптардан ортосундагы келишпестиктер жаралган. Мына ошол токтогон иш эми кайрадан жанданды.

Коопсуздук кеңешиндеги билдирүү айрым чиновниктерди кооптонтту

8-февралда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент С. Жээнбеков мамлекет башчысы катары биринчи ирет катуу билдирүүлөрү менен чыкты. Ал коррупция менен күрөшө турган органдардын айрым кызматкерлери өздөрү коррупцияга малынып калганын, андыктан УКМК, Баш прокуратура, ИИМ жетекчилери ушул багытта кыска убакыт аралыгында тиешелүү чараларды көрүшү зарылдыгын белгиледи.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети акыркы эки жылда эки миң кылмыш ишин козгогон. Анын болгону 295ы сотко чейин жеткен. Ал эми сот өз кезегинде УКМКнын тергөөчүлөрү айыптагандардын жарымысын актаган», — деди ал.

Ал эми Баш прокуратура тууралуу: «Баш прокуратура – бул коррупция менен күрөшүүнүн улуттук координатору, бирок ал өз милдеттерин эффективдүү аткара албай жатат. Ички карама-каршылыктар жана мамлекеттик эмес, ведомстволук кызыкчылыктарды коргоо көрүнүп турат. Силер көптөгөн мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатасыңар», — деген пикирин айтып, ага аткаруу бийлигинин жетекчилери тарабынан көптөгөн дооматтар келип атканын билдирди. Андыктан негизсиз текшерүүлөрдү азайтуу керек экенин белгиледи.

УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызматтын айрым кызматкерлери кол тийгис болуп алганын, андыктан кызматтын форматын өзгөртүү убактысы келгенин айтты. Мына ошондон кийин көп күттүрбөстөн эле УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын директору Д. Чоткараев кызматынан алынды. Андан сырткары дагы бул кызматтагы  ондогон кызматтагы адамдар ээлеген ордуларынан бошотулду.

Биринчи интрига

Д. Чоткараев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Президент анын отставкасын кабыл алды.

Ошондон бир нече күндөн кийин эле президенттин аппарат башчысы Ф. Ниязов да кызматтан кетүү арызын жазып президент С. Жээнбековдун алдына алып келди. Мына ушул маалыматты айрым ММКлар чагылгандай тездик менен таратып, Ниязовду эртерээк эле Ак үйдөн кетирип жиберген аракет кылгандай болду.

Ал эми мамлекет башчысынын маалымат катчысынын ММК булактарына берген маалыматына караганда президент С. Жээнбеков менен Ф. Ниязов 24-февралда жолугушкан. Анда президенттик аппараттын башчысы кызматынан кетүү каалоосу тууралуу билдиргенин, бирок президент анын өтүнүчүн кабыл албаганын билдирген. Ал эми 26-февралда Ф. Ниязов президентке кызматтан кете турганы тууралуу арызы менен кирген. Бирок, С. Жээнбеков ага кол койбостон, мындан ары да чогуу иштешүүнү сунуштаган.

Натыйжада президент аппарат жетекчисине бир жумалык өргүү берген. Себеби Ф. Ниязов президенттик шайлоодон кийин эс ала элек деп эсептейт мамлекет башчысы. Бул кадам чындыгында эле чарчообу же жөн гана демаршпы жакынкы убакыт көрсөтөт.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: