Сооронбай Жээнбеков: Түндүк-Түштүк автожолунун курулушу бүтсө, Тогуз-Торо району транспорттук туӊгуюктан биротоло чыгат

18.09.2017 | Саясат

I28A0930

Тогуз-Торо району буга чейин туш тарабынан тоолор менен курчалып, айрыкча кышкысын сыртка каттоо кыйын болуп келсе, жакын арада бул көйгөй толугу менен жоюлат, деп билдирди Кыргыз Республикасынын прзиденттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, жаңы салынып жаткан Түндүк-Түштүк автожолу бүтсө, район транспорттук туӊгуюктан биротоло чыгат. «Ошондо Тогуз-Тородон Бишкекке ашып кетсе 5-6 саатта жетип каласыздар да, район эки регионду туташтырган тогуз жолдун тоому болуп калат. Ал эми тогуз жолдун тоому деген азыркы тил менен айтканда, логистикалык түйүн, башкача айтканда, сооданын, туризмдин чордону. Көптөгөн социалдык-экономикалык проблемалар өзүнөн өзү чечилет. Бул жомок эмес, бул – эртеӊ эле боло турган чындык», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.I28A1229

Ал премьер-министр болуп турганда, өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алганын эскертти. «Биз жер-жерлерде 20 пилоттук шаарлардан баштайлы деген ниеттебиз. Ошондо биз айылдардын жашоо деңгээлин шаарларга теңейбиз, жаңы иш орундары түзүлөт, ички жана тышкы миграция кескин азаят», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ Токтогул көчөсү 196I28A1073

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.I28A0943


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: