Сооронбай Жээнбеков: Программам түшүнүктүү жана сөз жок аткарылат!

03.10.2017 | Саясат

                   77777

Шайлоонун алдында асмандагы айды убада кылган сөздөр жаары турган иш. Бирок эл тамырчы, баарын баамдап турат. Тили менен тоо жылдырып, жол салып, суу чыгарып, бир заматта май-көл, сүт-көл жашоо орнотуп жибергендердин далайынан элибиз алданып, ооз күйгөн жайы бар. Бул жолу алданбайт. Башка талапкерлерге салыштырмалуу Сооронбай Жээнбековдун программасы турмуштун өзүндөй жөнөкөй, түшүнүктүү, көбү ишке ашкан  жана алдыда аягына чыгарыла турган иштерден.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды  энергетикалык  көз карандысыздыкка жеткирди. Кыргызстанды транспорттук туӊгуюктан сууруп чыгып, дүйнөлүк тогуз жолдун тоомуна айлантууда. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушун баштап берди. Өлкөбүздү ЕврАзЭСке киргизүү менен 180 миллион калкы бар рыноктун дарбазасын ачты. Мындан тышкары “Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы” программасын негиздеп берип, мамлекетибиздин алдыдагы барчу жолун көргөздү.

Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өз программасында  мына ушул жолдон тайбай, мамлекеттин ары-бери чайпалышына, ар кандай саясий күчтөрдүн бут тосуусуна жол бербей, белгиленген багытта бел ашып бара  берүүнү көздөйт.

 

Элдик программа жөнөкөй болот

Шайлоо алдындагы программа кооз сөз, узун убадалар эмес, конкреттүү багыт, каржы булактарынын аныкталганы, бүткөрүү мөөнөтүнөн өйдө так болушу зарыл. Андан тышкары көп нерсе аны ишке ашыра турган лидердин өзүнө да байланыштуу. Сооронбай Жээнбеков зоотехниктен премьер-министрликке чейинки жолду басып өткөн, бардык тармактарды беш манжасындай билген, бай тажрыйбалуу инсан. Буга чейин элдин көӊүлүн алуу үчүн күнүмдүк убада бергенден уялып койбогон өкмөт башчыларын, президенттерди көргөнбүз. Бул жагынан Сооронбай Жээнбеков айтканын аткарат, ойлонбой сүйлөй бербейт.

Анын программасы – куру кыял эмес, жандуу документ. Учурда Сооронбай Жээнбеков жер-жерлерде шайлоочулары менен жолугушууну улантууда. Шайлоочулары ага  жергиликтүү деӊгээлдеги, ошол эле мезгилде мамлекет үчүн маанилүү болгон көйгөйлөрүн, сунуштарын берип жатышат. Башта байкалбаган, көӊүл бурулбай келген мындай маселелерди Сооронбай Жээнбеков эксперттер менен биргеликте анализдеп, системага салып, эң маанилүүлөрүн алдыдагы 6 жылда  аткарылуучу программасына кошууда.

 

Айыл чарбасын каржылоо дагы өсөт

Сооронбай Жээнбековдун программасынын артыкчылыгы – жөнөкөй жана түшүнүктүү. Болгону карапайым адамдар күндөлүк турмушта жасаган иштеринен кантип көбүрөөк пайда тапса боло тургандыгын, аны мамлекет тарабынан уюштуруунун жолдорун көргөзүүдө. Маселен, дыйкан-фермер жер иштетип, малын жакшы бакканды гана билиши керек, алар кредит алам деп жалдырап, банктардын эшигин каккылап жүрбөсүн, аларга кредит берейинби, асыл тукум мал берейинби, үрөн берейинби деп мамлекет өзү маӊдайында турсун деп жатат.

Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору боюнча 3 миллиард сомдон ашык суммадагы 9 миңден көбүрөөк кредиттерди берген. Бул каражаттар элдин колунда жана 9 миӊ кишинин ар жагында канчалаган адамдар жумуш менен камсыз болуп, мамлекет өзүнүн ички мүмкүнчүлүгүнө таянып өнүгүүгө бет алганын көрсөтүп турат.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт башында турган бир жарым жыл ичинде айыл чарбасын түп-тамырынан бери өзгөртө турган кадамдарды жасады. Анын бири Кепилдик фондун түзүү. Айыл жерлеринде кредитке колу жетпеген, алдуу-күчтүү, иштерман жарандарыбыз көп. Кепилдик фонд мына ушундай кредит алууга күрөөсү жок жарандарга жардам көрсөтөт. Капиталы 282 миллион сомду түзгөн бул фонд тарабынан жалпы суммасы 120 миллион сомдон ашкан 100дөн ашык долбоорго кепилдик берилген.

Мындай айыл чарбасындагы долбоорлорду каржылоо боюнча мамлекеттик колдоосун жакынкы мезгилде 15 миллиардга чейин жеткирүү  Сооронбай Жээнбековдун программасында каралган.

 

Ар бир аймак шартына жараша өнүктүрүлөт

Сооронбай Жээнбеков башка талапкерлерден айырмаланып айыл чарба тармагын, аймактарды комплекстүү өнүктүрүүнү көздөйт. Ал багытта бир топ иштерди аткарып да койгон. Анын өкмөтү кабыл алган “Аймактарды өнүктүрүү” программасына 20 шаар кирип, бул шаарларга кайра иштетүү ишканаларын куруу аркылуу жумуш ордун камсыз кылуу, инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык жактан тейлөөсүн (медицина, социалдык, маданий ж.б.) борборго теӊөө максаты коюлган. Учурда ар бир шаар өздөрүнүн бизнес долбоору боюнча кызуу иш алып барууда.

Баарыдан мурда аймактарды жер шартына жараша өнүктүрүү (Нарын – эт, сүт, Көл – туризм, экотуризм, жашылча-жемиш, Талас – төө буурчак, Чүй – кызылча, Баткен – өрүк  ж.б.) идеясы четинен ишке аша баштады. Маселен, жакында Чүйдөгү кант кызылчасын кайра иштетүүчү «Кошой» кант заводу ишке киришти.  Муну менен  Чүй өрөөнү кант кызылчасы боюнча Борбор Азияда тизгин талашкан мурдагы деӊгээлине кайра чыгат деген үмүт бар.

Аймактарга, ар бир райондун өзгөчөлүктөрүнө басым жасаган мындай аракеттер,   аймактар менен калктын жашоо деңгээлин жогорулатып, ишканалар менен өндүрүштү өнүктүрөт, баарынан мурда калкты жумушчу орундар менен камсыздоо маселесин чечип, ички миграциянын деңгээлин төмөндөтөт.

 

Кайра иштетүү тармагына камкордук

Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагына өзгөчө маани берген, өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүү менен  ЕврАзЭСтин рыногуна чыгарсак деген лидер. Ал өкмөттү жетектеп турганда кайра иштетилген сүт азыктары  Россия, Казакстанга экспортко чыгарыла баштап, баарыбызды сүйүндүргөн.

Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча буга чейин көп эле айтылчу. Бирок Сооронбай Жээнбеков гана чечкиндүү аракеттенип, анын өкмөтү беш жылга эсептелген “Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын” кабыл алган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды кайра иштетүү тармагы 326 аракеттеги юридикалык уюмдарды, 5900дөн ашык жеке ишкерлерди бириктирген 18ден ашык тармакты камтыйт. Азыр бул тармакка тиешелүү долбоорлор үчүн жылына 6 пайыздык үстөк менен кредит алууга болот. Келечекте жашылча-жемиштерди, эт жана сүттү кайра иштетүүчү, кант, нан-токоч азыктарын өндүрүүчү жаңы ишканаларды ачуу менен көптөгөн жумуш орундарын  камсыз кылуу, эӊ башкысы экспортко багыт алуу Сооронбай Жээнбековдун программасынын негизин түзөт.

Аймактар өнүксө элдин турмушу, инфраструктура, социалдык тейлөөлөр жакшырат, колунда каражаты бар, насыя алган дыйкан-фермерлер  азык-түлүк продукциясын арбын өндүрөт, алардын  сапаттуу үрөнгө, асыл тукум малга керектөөсү өсөт, бул бүтүндөй бир системанын (жер иштетүү маданиятын, дыйканчылык, мал чарба илимий институттарынын) жанданышына түрткү болот, эӊ негизгиси өндүрүлгөн продукцияларды жер-жерлерде кайра иштетүү (Чүйдө — кызылчаны, Нарында — этти, Баткенде – өрүктү ж.б.)   зарылдыгы келип чыгат, жаӊы жумушчу орундары ачылып, ички миграция токтойт.

 

Ирригация системасы илгерилейт

Кыргызстан калкынын 65-70 пайызы айыл жерлеринде жашайт. Демек, элет өнүкмөйүн эл өнүкпөйт. Элеттин көйгөйү — бош жаткан жерлерге суу чыгаруу же буга чейин каралбай калган ирригация системасы. Сооронбай Жээнбековдун программасында 10 жылга эсептелген  ирригация боюнча жаӊы максаттар белгиленген.

Бул үчүнСооронбай Жээнбековдун өкмөтү “Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү  боюнча мамлекеттик программасын” кабыл алып, негизги иштерин баштап койгон. Ага ылайык, 65 миӊ гектардан ашык жаӊы сугат жерлер ишке киргизилип,  51,6  миӊ гектар жерге сугат иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Мындан тышкары  9,5 миң гектар аянт заманбап сугат ыкмаларына өтүп, 243 миң адам жумуш менен камсыз болот. Бул жерлердин ишке кириши жаӊы жумуш орундарын, мол түшүмдү гана камсыз кылбастан, суу чарба обьектилерин ижарага берүүдөн мамлекетке жылына орточо 1,5 миллиард сом түшүп турат. Ошентип, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чечилип, аймактардын социалдык-экономикалык абалы жакшырат. Бул программаны ишке ашыруу үчүн 58,8 миллиард сом жумшалаары Сооронбай Жээнбековдун программасында так көрсөтүлгөн.

 

5 жылда Кыргызстан таза суу менен толук камсыз болот

Талапкер Сооронбай Жээнбековдун программасында калкты таза суу менен камсыз кылуу орчундуу орунду ээлейт. Кыргызстанда 1 890 калктуу пункт болсо, анын  1 805и – айылдар. Мунун ичинен 725 айыл борборлоштурулган сууга жетиштүү кошулган эмес, 267 айылда суу түтүктөрү 1960-жылдарга чейин, 458 айылда 1980-жылдарга чейин курулган. Ал эми 396сында таза суу таптакыр жок, бул айылдардын жашоочулары арыктын суусун пайдаланып келишүүдө.

Сооронбай Жээнбековдун программасында “650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилери, бул максатка 30 миллиард сом талап кылынса, анын 19 миллиард сом каржы булагы аныкталганы, дагы 6,7 млрд. сомду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы, элди таза суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 40 млн сом бөлүнсө,  былтыр 100 млн сом, ал эми быйыл 200 млн сом бөлүнгөнү” даана жазылган.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун өзү “Президент болсом бул маселени дайыма көӊүл борборунда кармайм! Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын баардык аймактары таза суу менен камсыз болот!”, — деп айткан шайлоочуларынын алдында.  Анын бул сөздөрүнүн ишке ашарынан шек жок.

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ Токтогул кочосу 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укукту уөкүлү Сатыгул кызы  Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 03.10.2017 ж.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: