Сооронбай Жээнбеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

05.10.2017 | Саясат

                               I28A4513

Ардактуу Мугалим!

Сиздерди  кесиптик майрамыңыз менен куттуктайм!

Мугалим деген мен үчүн өзгөчө кесип. Анткени, менин биринчи кесибим – Мугалим. Айылдык мектепте орус тилинен сабак берүү менен чоң турмушка аттангам. Ошондуктан, мен мугалимдин түйшүгүн жакшы билем. Эгемендиктин алгачкы 20 жылында мугалим мурдагыдай бааланбай, ардакталбай калды. Азыр гана абал оңоло баштады. Мамлекет да, коом да Мугалимдин кадырын көтөрбөсө, жаңы муундун, демек, бүт өлкөнүн келечеги оор болуп каларын түшүндү. Мен Өкмөт башында турганда колуман келишинче мектепке, мугалимге колдоо көрсөткөнгө аракетимди аяган жокмун. Мындан ары да аябайм.

Агай-эжеге чың ден соолук, узак өмүр  каалайм! Арыбаңыздар!

Сооронбай Жээнбеков.

 Даярдоочу: «Айбат Аймак»КФ Токтогул кочосу 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 05.10.2017 ж.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: