«Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кайгылуу окуяларда курман болгондорду эскеришти»

03.08.2017 | Коом, Тагдыр

      SAB_9505

Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын ɵкмɵт башчысы Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерди.Кыргыз  Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР Президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков,  Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн Чүй облусундагы  ыйгарымдуу ɵкүлү Бактыбек Кудайбергенов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын, диний чɵйрɵнүн  ɵкүлдɵрү  «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комлексиндеги 1916-жылдагы кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерүү салтанатына катышып, гүлчамбарларды коюшту.

1916-жылы курман болгондорго багышталып куран окулду. Эскерте  кетсек, 1916-жылдагы Υркүн окуясынын 100 жылдыгына карата 2016-жылдын 2-августунда «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында 1916-жылдагы  окуянын  курмандыктарына арналып  Мемориал эстелик тургузулган.

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-апрелиндеги «1916-жылдагы  кыргыз элинин  улуттук кɵтɵрүлүшүнүн  курмандыктарын эскерүү Күнүн белгилɵɵ» токтомуна ылайык, август айынын алгачкы жумасы 1916-жылдагы улуттук боштондук күрɵшүнүн курмандыктарын эскерүү Күнү катары  кабыл алынган.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: