Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, КР Президенти: “Фарид Ниязов мыкты менеджер, ал кетем десе кармай албайм”

06.03.2018 | Саясат

               F80BE658-5709-499B-BCA0-E55DF5AE05A2_cx32_cy16_cw67_w1023_r1_s

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта мамлекеттеги алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө КР Президентинин аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун отставкасына байланыштуу суроого жооп берди. Өлкө жетекчисинин айтымында, Фарид Ниязов – мыкты мамлекетчил, мамлекеттик башкаруудагы мыкты менеджер. Эгер ал кетем десе кармай албай турганын баса белгиледи.  «Фарид Ниязов менин шайлоо алдындагы штабымды жетектеди. Ал жакка президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан келди. Биз эгер мен шайлоодо жеңсем, ал кайра президенттик аппараттын жетекчиси кызматына кайтарын макулдашканбыз. Бир жума мурун кетерин айтты. Чарчады го деп ойлоп, бир жума отпуск бергем. Фарид Абилезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу. Кетем деген кишини кармай албайм. Айланамда бул кызматка татыктуу кишилер бар”, — деди президент.

         Мамлекет башчысынын бул сөзү Фарид Ниязовдун тегерегиндеги маселеге чекит койду. Эми бошочу орунга ким келерин убакыт көрсөтөт эмеспи…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: