Сооронбай Жээнбеков Исфана шаарынан ар улуттуу үй-бүлөнүн батасын алды

26.09.2017 | Саясат

I28A8914

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Исфана шаарында көп жылдан бери түтүн булатып, бири-бирин колдоп жашап келе жаткан ар улуттуу жубайлардын үйүнө барды.

82 жаштагы Алымкул Баратов жана анын жубайы – 79 жаштагы Соня Чурашова 53 жылдан бери бирге жашашат. 7 балалуу, 16 неберелүү болушкан.

Алымкул Баратов тажрыйбалуу, таза, өлкөнү баарынан кымбат койгон Сооронбай Жээнбековдой президентти Кыргызстанга кааларын айтты. “Сиздей президентти тандап алса, Кыргызстан андан утат гана”, — деп аксакал талапкерге айтты.

Анын жубайы, эмгектин ардагери, баатыр эне Соня Чурашова Сооронбай Жээнбековго президенттик кызматта мамлекеттин өркүндөшү, элинин бакубатчылыгы үчүн иштешин каалады. “Биз сизге ишенебиз жана сыймыктанабыз. Добушубузду сизге гана беребиз”, — деди ал.I28A8932

Ошондой эле Соня апа бекем үй-бүлөнүн сырын ачты: — Бири-бириңерди сыйлагыла, кечиримдүү болгула. Ошондо үй-бүлө да бекем болот, ынтымак болот, — деп белгиледи.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков алардын берген батасына ыраазычылыгын билдирип, жаштар үчүн мыкты үлгү экендиктерин айтты. “Ынтымакта ушунча жылдан бери жашап, балдарга татыктуу тарбия берип, ак эмгегиңер менен мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Сиздерге таазим”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Даярдоочу: «Айбат Аймак»КФ Токтогул көчөсү 196I28A8941

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: