Сооронбай Жээнбеков: Авторитардык режимге жол бербейм!

16.09.2017 | Саясат

I28A8899

Алдыдагы шайлоо Кыргызстаныбызды, баарыбызды сынайт. Биз таза шайлоо өткөрүүгө даярбыз. Шайлоочулар ошого даярбы? Бардык талапкерлер ошого даярбы, деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын областынын Ат-Башы районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда.I28A9183

Анын айтымында, мамлекет башкарам деп 13 азамат аттанды, арасында олигархтар, алтурсун шылуундар жүрөт. “Албетте, эл болгон соң бычакка саптуу азаматтар аз эмес. Бирок кимисинин мамлекетти башкарууга тажрыйбасы жетет, кимиси таза, ыймандуу, кимиси бул кызматка чейинки узак жолду басып өттү? — кеп мына ушунда. Мени айрым талапкерлердин президенттик бийликке кайтуу керек деген билдирүүлөрү кабатыр кылат. Кыргызстан эки революция менен, эки президентти  кууп чыгаруу менен ал жолдон өттү. Азыр Кыргызстан туура жолдо баратат. Мен президент болуп шайлансам, парламенттик башкарууну дагы бекемдейм! Авторитардык режимге жол бербейм!”, — деп убада берди Сооронбай Жээнбеков.I28A9080

Ал шайлоочуларды куру убадаларга ишенбөөгө, добуштарын сатпоого жана шайлаардын алдында тигил же бул талапкер буга чейинки убадаларын аткардыбы деп ойлонуп көрүүгө чакырды. “Убадалар көп болот. Алар азыр убада кылып жаткан иштердин көбүн мен унчукпай эле жасап койгом. Бирөөнүн акчасына, бирөөнүн куру убадасына алданбайлы. Балдарыбыздын ырыскысын акчага сатпайлы! Кичине бирдеме жасап койсо, аны тоодой кылып көрсөткөн же асмандагы айды убада кылган популист, артист саясатчыларды карап отуруп, кээде мактана жүрүш керек экен деп да ойлоп кетем. Дээримден андай мүнөзүм жок болсо айла жок экен, эмне кылалы?Көрсө, мактана да жүрүш керек экен”, деди Сооронбай Жээнбеков.I28A8821

Президент болом дегендердин арасынан айылда, райондо, облуста, чарбада, башкаруунун ылдыйкы тепкичтеринде иштеп келген бир гана ал экенин эскертти. “Айылда мугалим, зоотехник, совхоз жетекчиси болуп, анан райондо иштеп, кийин Жогорку Кеӊештин үч чакырылышынын депутаты, айыл чарба министри, губернатор, акыры премьерликке чейинки тепкичтин баарын басып өттүм”, — деген Сооронбай Жээнбеков бир жарым жыл премьер-министр болуп иштегени ага чоң тажрыйба болгонун жана Кыргызстандын бардык булуң-бурчун кыдырып, мурда көрбөгөн, укпаган көйгөйлөрдү көрүп, аларды чечүүгө даяр экенин кошумчалады.I28A9187

Ат-Башы районундагы жолугушууга 5 миңден ашык адам катышты. Жолугушууга келген шайлоочулар алдыдагы шайлоодо КР президенттигине Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой тургандыктарын билдиришти.

 

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ Токтогул кочосу 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: