Домой Дүйнөдө «Шинжаңдагы уулумдан дайын жок»

«Шинжаңдагы уулумдан дайын жок»

7

Казакстанда Кытайдан келген бир нече кайрылмандар Шинжаңдагы туугандары лагерде кармалып турганын айтып чыгышты. Алар көптөн бери туугандары кабарсыз болуп жатканына кабатыр.

Кайрылмандар менен иштеген «Ата журт ыктыярчылары» коомдук уюмунун Алматыдагы кеңсесине Кытайдагы туугандарын издеп кайрылгандар арбын.

Алардын бири Наутхан Жакып эки жыл мурда лагерге камалган уулу дайынсыз экенин айтты:

— 2017-жылы менин уулумду кайра тарбиялоочу лагерге камап коюшкан. Ал Кытайга документтерин бүтүрүү үчүн барган. Анын камалганын Кытайдагы туугандарыбыз айтышкан. Азыр эми алар да биз менен сүйлөшүүдөн коркушат. Уулумдан эч кандай кабар жок, өлүү-тирүүсүн билбейм.

Наутхан Жакыптын 33 жаштагы уулу Жеңгисхан Жаңбырбай ата-энесин Казакстанга отурукташтырып, өзү да көчүп келүүгө аракеттенип жүргөн.

Дагы бир кайрылман Султан Саулебектин 73 жаштагы атасы Шинжаңдагы кайра тарбиялоочу лагерде болсо, апасы үй камагында жатат. Султан Кытайдагы туугандарынан атасынын абалы оор экенин билген.

— Атамдын бир эле бөйрөгү бар. Анысы да иштебей, буту баспай калды деп уктук. Кулагы да укпай калды дешти. Апам менен жолугууга да уруксат берилбейт экен. 2013-жылы атам ажыга барган эле, аны ошол үчүн камап койду деп ойлойм.

Ушундай эле арыздар менен уюмдун кеңсесине күнүгө бир нече киши кайрылат. Алардын сөзү боюнча Казакстанга көчкөндө үй-бүлө мүчөлөрү кезек менен келет. Анткени үй-жайды сатып, документ иштерин бүтүрүүгө да убакыт керек дешти алар. Бирок көпчүлүгү келе албай жатат.

Бир жума мурда Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кытайдын кайра тарбиялоочу лагерлеринде казак тектүүлөр жок экенин билдирген:

— Биздин президент жакында эле Кытайга барып келди. Кайра тарбиялоочу лагерлерде казак тектүү жарандар жоктугу тууралуу жогорку деңгээлде маалымат берилди. Түрдүү майда мыйзамдарды бузгандар гана болушу мүмкүн.

Шинжаңдагы кайра тарбиялоочу лагерлерде уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктары эркинен тыш кармалып турушканын бир катар эл аралык уюмдар билдирип чыккан. Бул маалыматтарга таянып, АКШ бийлиги Кытайдын 28 ири компаниясына санкция киргизген.

Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай мекемелерди «тил менен кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келет.