Шамшыбек МЕДЕТБЕКОВ: “Президент элдин ишенимин актайт”

09.02.2018 | Саясат

photo_312058-февралда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” маселе талкууланды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө баардык күч түзүмдөрүнүн, сот системасынын, Башкы прокуратуранын, УКМК АКСтин, ИИМдин ишмердүүлүктөрүнө карата катуу сын-пикирлерин билдирди. Бул органдар коррупцияга каршы күрөштү жүргүзө турган органдар экенин, бирок тилекке каршы алардын арасында өздөрү коррупцияга малынып калгандары бар экенин да ачык айтты. Аталган ведомстволордун жетекчилеринин дарегине да катуу сын айтылды.

Коррупцияга каршы күрөш жөн гана улантылбастан, ал мындан ары дагы күчөтүлөрүн жана ал күрөштүн башында өзү тураарын С. Жээнбеков белгиледи. Президенттик кызматка киришкенден берки мамлекет башчысынын бул биринчи жолку катуу билдирүүсү болуп калды. Муну коомчулук да кызуу колдоого алууда.

Маселен, экс-депутат Шамшыбек Медетбеков маалымат булактарынын бирине курган маегинде мамлекет башчысынын бул билдирүүсү жөн гана курулай сөз эмес экенин, ал убадаларды президенттик шайлоонун алдында да айтканын, эми аны чындап жүзөгө ашыра турган убагы келгенин билдирген. “Президент С. Жээнбеков убадасын аткаруу максатында бүгүн Коопсуздук кеңешин өткөрүп, баардык күч органдарына, сотко, Башкы прокуратурага катуу тапшырмаларды берип атат. Менимче, бул Жээнбековдун шайлоонун алдындагы өзүнүн айткан сөздөрүн аткаруу аракетинин башталышы деп ойлойм. Кайсыл бийлик болбосун сот бийлигин реформа кылабыз, сот элдин кызыкчылыгын коргогон сот болсун, кара кылды как жарган таза сот болсун деген сөздөрдү жетекчилер дайыма айтып келген. Жээнбеков президенттикке талапкерлигин коюп атканда дагы “сот элдин кызыкчылыгына иштеш керек”, “сот деген көз карандысыз болуш керек”, “соттук реформаны аягына чыгарам” деген сөздөрдү айткан. Менимче, азыркы тапта мына ушул айткандарын аткарганга мамлекет башчысы катары толук мүмкүнчүлүгү бар. Анын үстүнө сот реформасын жүзөгө ашыруу дагы президенттен көз каранды”, — дейт ал.

Мындан сырткары Ш. Медетбеков президент С. Жээнбековдун өзүнүн берген убадаларын аткарууга билими да, тажрыйбасы да жетиштүү экендигин билдирген: “Жаңы шайланган президент алты жылдын ичинде эгер жакшылап бүгүнкүдөй киришсе, анда бул маселелердин аягына чыгарат деген бизде чоң үмүт бар. Аны жасоого Сооронбай Шариповичтин билими десе билими, иш тажрыйбасы десе тажрыйбасы жетиштүү. Аймактарда иштеп келди, министр да болду, өкмөт башчысы да болду. Азыр президент катары, баардык тепкичтерди өткөн, ар бир ишке көзү жетип, каныккан жетекчи. Андыктан ал элдин алдында берген убадасын аткарат деген ойдомун”, — дейт Медетбеков.

Айрым саясатчылар С. Жээнбековду экс-президент А. Атамбаевдин мураскери деп атап келишет. Ырас, экс-президенттин да колдоосуна ээ болгонун жашыра албайбыз. Бирок, А. Атамбаев өзү дагы убагында “Кыргызстандыктар кимди шайласа, ошол адам президент болот. Бизде шайлоо эркин, ачык-айкын болот” деп айткан эле. Демек, С. Жээнбеков ачык жана таза өткөн шайлоодо калың элдин колдоосуна ээ болуп келген мамлекет башчысы.

“Биз аны мураскер дейбизби, же мураскер дебейбизби, кандай болгон күндө С. Жээнбековду жалпы кыргыз эли шайлады. Аны менен биз убагында чогуу депутат болуп жүргөнбүз. Ар бир маселе боюнча өзүнүн көз карашы бар. Анан ошол көз карашын аягына чыгарганга аракет кылган жетекчи. Эки-үч чакырылыштын депутаты болду, министр болду, облустун губернатору болду, премьер-министр болду. Мына ушундай баскычтарды басып өткөн киши элдин ишеничин актайт деген ой бар. Биз шайлоодо экс-президентке ишеним көрсөтүп шайлаган жокпуз, биз Жээнбековго ишеним көрсөтүп шайладык. Ошондуктан анда эки эсе чоң жоопкерчилик, ошол жоопкерчиликти эки эсе ашыгы менен аткарат деген ишеним бар. Мен аны жакын билген киши катары бул иштерди аткара ала тургандыгына ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктайт Ш. Медетбеков.

Ооба, басып өткөн жолу таза, коррупцияга аралашпаган адам гана коррупция менен чындап күрөшө ала тургандыгын эске алсак, анда мамлекет башчысы С. Жээнбековдун бул жаатта мүмкүнчүлүгү өтө жогору.

 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: