Шайлообек Дүйшеев деген ким?

08.04.2016 | Маданият

Шайлообек Дүйшеев

Жаза турганыма кирди-чыкты кеп издеп баш сөз кылып олтурбай эле түзүнөн качырайын, бүгүнкү күндө Шайлообек Дүйшеев деген акын кыргыз адабиятынын туу чокусуна чыгып алып, ал жерден түшкүс орун таап, элинин турмушуна саресеп салып, кээси менен санаага батып, «элим аман болгой эле, жерим аман болгой эле» дегенден сан ирет ойлоп, ошонусун айтып, тобо кылып, топук келтиргенди унутпай, бүтүндөй журтунун акыны болуп турган кези. Ал туу чокуга чыккандар аз эле… Шакем, акындыктын классикалык түрүн көрсөттү,өзү кайдан көрсөтмөк, таланты көрсөттү, анан Аалынын, Алыкулдун, Байдылданын жолун улап берди. Кийин кара сөзгө кайрылып көрдү эле, бүтүндөй кыргыз бири-биринен сурап, колунан түшүрбөй окуп жаткан «Агындылар» деген укмуштуудай романынбы же эмнесин жаратып салды. Бул китеп жөнүндө канча айтсаң да баа-баркын чыгарып бере албассың!

Адамзат турмушунда жоготсоң жоголбогон, куусаң качпаган, догурунуп дайым жашай берген бир итчилиги бар, ал-көралбастык. Бу көралбастык дегениң өзү жаман болгону менен жалаң жакшыга асылат, мыктыга асылат, залкарга асылат! Ошентип асылып жүрүп далайдын эсебин таап да коөт… Оо, курусун ошол көралбастыгың! Анан ошол көралбастыгың бүтүндөй кыргыз талантына багынып берген, залкар кылып алган Шайлообекти жөн коймокпу, асылып келет. Ал канчалык элге алынса, ошончо асылат. Бирок, бир нерсени билип коюшубуз керек экен: көралбастык канча асылса да, шайтан-шабырынын, желмогуз-селмогузунун, аңкүр-маңкүрүнүн… баарын аттандырса да чыныгы талантка эч нерсе кыла албайт экен, кыпкыргызча айтканда, «богуна куурай сая албайт» экен. Шайлообекке да асылып келет көралбастыгың. Бирок, аның канчалык асылса Шакебиз ошончолук чыгаан тартып, кайра күчөй чыйралып, мыкты чыгармасы менен көралбастыгыңды көмө чаап эле кетип баратат. Асылгандарга колун эч качан булгабайт, бир-эки чыгармасы эле жетип берет…

Аз мурун «Азия ньюс» деген гезитке Аскар Медетов дегендин, «Майдан» гезитине Рысбек Эшматов дегендин макалалары басылып, анда экөө бирдей Шайлообекти сынга алат. Шоруң курган ары жоктор аа! Экөөндөйлөрдү Шайлообек бурч-бурчка «отуруп» койгонун кайдан билмек?!

Маселе мындай, муну Шакем мага тээ былтыр эле айтып берген: Көл тараптык бир догдур келип: «Шаке, мен сага бир нерсени айтып берейин, менин атам көптү билген адам, ошол айтат «жанагы Чынгыз Айтматовдун чыгармасында «Бугу эне»деп жүрбөйбү, ал туура эмес, бугу деген эркеги, марал деген ургаачысы болот, анан бугу эркек болсо, кантип эне болот» деп айткан, сага ошону айтайын деп келдим» дейт. Шакем аны радиосунан сүйлөтөт. Чыгарманын оригиналында «мать-олениха» дегенди котормочу байкоостон «Бугу эне» деп которуп алган го дегенди айтат. Бүттү ошону менен. Анан ошону бетке кармап жогорудагы эки «чилиш» окумуштуу имиштер Шакемди сындап, мыкты котормочу Ашым Жакыпбековду коргогон болуп жатпайбы. Тил деген Дүйшеевден да, Жакыпбековдон да, Айтматовдон да жогору турат! Кыргызда улуусу жаңылса, кичүүсү оңдоп койчу ыйык парз бар. Муну тиги экөө кайдан түшүнмөк?!

Мен билгенден Ашым агабыз Шайлообекти аябай жакшы көрчү, Шайлообек да аны мыкты жазуучу, котормочу катары бүгүнкү күнгө чейин сыйлап келет. Кезегинде Шакем карылар үйүндө жаткандар жөнүндө «Эсиңе кел» деген ырын жазганда Ашым агабыз окуп жатып:

Калайык,
кагылайын!
Калкыңа Талас баткан,
Каныкей, Манас баткан,
калкыңа кыргыз баткан,
Кадимки Чынгыз баткан,
бир кемпир баткан жокпу?-деген жерине келгенде Ашым абабыз Шакемди көзү жашылдана кучактап: «Миңдеген таластык кылбаган ишти сен жасадың, сен бул ырыңды Таласка барып окуп бер» деп ыраазы боло суранганы бар. Ошондо Ашым аганын өтүнүчү менен Шакем Таласка барып, Шекерден ошол ырын окуп келген! Ошондо бир аял тура калып: «Айланайын Шаке, сага рахмат, биз ошол эки кемпирди алып келип багып алабыз», -деп көзгө жаш алыптыр. Чын эле аз өтпөй кемпирлерди алып кетишкен. Баса, ошол ыр жаңырганда бүтүндөй журт ыйлаганбыз! Туура, Ашым Жакыпбеков деген мыкты котормочу, кыргызга Чынгызды Чынгыз кылган да ошол Ашым агабыз. Бирок, кандай улуу, чыгаан котормочу болсо да, кээси менен ката кетирип койгондон гарантия жок да. Түбүнөн териштирбей эле уламыштагыны алып койгондур… Шайлообек ушул маселени айтып койгондугу үчүн тиги экөө баарын билген болуп, Ашым агабызды коргогон болуп, анан да бүтүндөй эли сыйлаган акынды сындагандан коркпойбуз деген адыраңмайына алдырып турушпайбы. Жанагы Медетов деген немеси эптеп кандидаттыгын жактап илең-салаң иштеп жүргөн неме экен. Укканым бар, ал студенттерди үйүнөн иштетип, иштебейм дегендерге баа койбой убара кылганда студенттер арызданып жумуштан айдалып кетип, кайра жалынып-жалбарып жүрүп орношкон дейт. Кийин да ичип кетип сабак окута албай айдала жаздаптыр. Көчүгү аңырайып ачылып жүрүп, бирөөнү сындагандан кетеби?! Деги ченеп асылса боло! Андайларды айбан деп коөт! Бу Медетовуңдун аңгемелер жөнүндөгү кандидаттык диссертациясы адабиятка пайда алып келгенди кой, пайда-батасы жок бирдеме дешет. Ал жөнүндө кийинчерээк кеп кыларбыз… Экинчи автор- Эшматов Рысбек дегениң кандидат болом деп далай жылдан бери жазып бүтө албай качып жүргөн неме экен. Билгендердин айтымында, мээсин бир аз шамалдатып алыптыр го. Анысынын даана-тагын биле албадык. Бирок, илим-билим флагманы болгон Илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда иштегени аябай кызык экен?! Ушул экөөндөйлөр оозуна келгенди оттой берсе, карапайым эл ишене берет да. Акын Нуралы Капаров инимдин: «Сок тумшукка, анткени, алдыңда турат акмак!» деген саптары бар, дайыма эсимде, мисалдатканга сонун. Анысы кандай, аталган эки немени тумшуктан ары берер элем, ушул азыр маңдайдан чыкса… аным кийинкиге кала турсун… Макаланы көп кыйнабайын, бул эки мандемдүү жөнүндө кепти токтотоюн да кепти кайрадан Шакеме бурайын.

Шакем лирикалык ырларды жазып жүрөк-пүрөктү эзип турган учурда «кайра куруу» деген келди, андан соң СССР ыдырап берди. Дал ошол учурда Шакемдин саясий ырлары ар бир чогулушта, ийримде, талкууларда, концерттерде, тойлордо окулуп, ырдалып турду. Ошондой ырлардын бир катарын Сагынбек Момбеков да жакшы ырдап берди… Эл деген ырдын ыргагын, сөздүн маанисин эле угуп олтуруп калмакпы, ошол кездеги саясий абалды көз алдыдан чууртуп, алдыдагы жакшылык кай жерден келерин ойлонуп, колунан келсе баланча деген ишти бүткөрүп жиберерин айтып, баскан кадамына саресеп салып, кетип жаткан кемчиликти оңдоону көздөп…айтор, Шайлообектикиндей саясий маанидеги ырлар жаналакеттен өткөрбөйбү! Ана эмесе, Шайлоонун ырларына окшогон ырлар сай ташындай жайнай берди. Башка акындар да саясий абалды сүрөттөп койгусу бар да, бирок, алар азга кечигип калышкан, анткени, мурунку күнү Шайлообек баарын ырдап коюп жатпайбы!

Андан соң Шайлообек кайрадан лирикасын жазды, патриоттук ырларынан жазды, каалоолорун жазды, топону болбоду. Ошол ырлар чогулуп олтуруп «эки араба» толо ыр болду. Алтайга барып келип ал тарапты баяндуу ыр менен бизге сонун жеткизди. «Манас» канында бар Шайлообек кудай сактасын деп туруп, «Эки дөөнүн кармашын» жазды. Кошой абасы менен Жолойду ушунчалык сонун күрөштүрдү дейсиң, баарыбыздын оозубуз ачылды. Түшүнө Манас, Кошой кирбей эле, дагы бир Кыдыры келип оозуна түкүрбөй эле манасчы болуп чыга келди. Бул өзүнчө чоң сөз. Андан кийин «Агындыларын» жазды эле, баарыбызга кара сөздү кандай жазыштан сабак бергендей болду. Көркөм чыгарма дегенди татаал философиялык түшүнүктөргө толтуруп, тири адамдын мээси жетпеген сүрөттөмөлөрдү, ой- толгоолорду, чатыраш маселелерди, маанилерди ж.б. колдонбоду, менин, сенин,тигинин жанында бараткандай эле сүйлөп турду, ошол жөнөкөй кебинде, айнанайы-ын эмненин баары бар? Улуулугуң бар, сулуулугуң бар, адамдыгың менен айбандыгың бар, көңүл чөккөн, көңүл көкөлөгөн жери бар, адамдардын итчилиги менен айкөлдүгү бар, баары-баары бар. Китепти окусаң ар бир ою өзүңдүкү болот да турат. Чыгарма деген ушундай болуу керек экен го! Анан дагы балээ башталды, биртоптор «Агындыларды» туурап жазып да жиберишти, бирок, аларыңдын баары бечел баланын кейпинде жашап жатат окшоду…

Кези менен Шакем тарапка чаңкылдап калгандарга айтар элем: «Силер Шакеме сын айтардан мурун Крыловдун өлбөс-өчпөс «Пил жана кандек» деген тамсилин окугула, түшүнүп окугула, анан эмне кылсаңар өзүңөрдүн ишиңер», — деп. Кебимдин аягында бир нерсени айта кетейин: Шакем мындан 41 жыл мурун жалгыз шым, жалгыз көйнөгүн кийип Фрунзеге келген. Аны Ат-Башыдан ата-энеси, чоң ата менен чоң энеси узаткан эмес, алар жок болчу; Фунзеден агалары, эжелери, таяке-жээндери тосуп алган эмес, алар жок болчу; окууга өткөрчү адамы да жок болчу… Шакеме кудай жардам берди, таланты жардам берди, өзүнүн адамдыгы аябай жардам берди. Эми Шакем Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, II жана III даражадагы «Манас» орденинин ээси, жакшы тарбия көргөн беш баланын атасы жана ыйманы куюлган Зейненин күйөөсү, жүз миңдеген окурмандын дилинен түбөлүк орун алган акыны… Буюрсун!

Баратбай АРАКЕЕВ


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: