Домой Саясат Сейтек Атамбаев: Кечирип койгула, мен эми кичинекей макимди алып ак үйгө барып...

Сейтек Атамбаев: Кечирип койгула, мен эми кичинекей макимди алып ак үйгө барып сез көрсөтүшүм керекпи?

7356

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын жана өзүнүн абалы боюнча үн катты.

Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү карасам:

«Эмнеге атаң жөнүндө үн катпайсың? Кырдаал тууралуу оюң кандай? Эми эмне болот?» — деген суроолор көп болууда.

Кечирип койгула мени, мен эми кичинекей макимди алып алып ак үйгө барып сез көрсөтүшүм керекпи, же эмне ортого 84 жаштагы таяэнебизди салып жамандайлыбы тиги же бул күнөөлүү деп! Же мен бир сөз айтсам эле иш оңунан чыгып кетеби?

Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшүлтөт, абдан оор абалдабыз, бирок азыр тынч, ойлорду бир жерге топтоп, эч кандай провокацияга алдырбай, ойлонуп иш кылышыбыз керек.

7-8-августарда болгон окуяларга азыр баа берүүгө өтө эрте жана бул бааны бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбошу керек. Буйруса, укук коргоо органдары адилеттүү изилдеп калыс жана туура баа беришет деген үмүттөмүн! Сабырдуу бололу!