Сегизбаевдин секрети эмнеде?

04.04.2016 | Саясат

Абдил Сегизбаев

Абдил Сегизбаев УКМКга дайындалганда “иштей албайт” деп сындагандар четтен чыккан. Бирок Сегизбаев  мамлекеттин коопсуздугун, өзгөчө бийликтин коопсуздугуна кам көрүүдө колдого аларлык, мактоого татырлык иштерди жасап жатканын ачык айтышыбыз абзел. Буга азырынча мисалдар жетиштүү. Канткен менен УКМКнын укуругу узун эмеспи, бийликти төңкөрүп түшөбүз деген кутумчулардын купуя сырын ачыкка чыгарып салды. Абдил мырза мактоого манчыркап жатып калбай, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди дагы да күчөтүшү зарыл. Мындан тышкары, УКМК  кечээ күнү эле Кыргызстандын аймагында диверсиялык-террористтик  акцияларды  даярдап жаткан террористтик уюмдардын 7 мүчөсүн атайы текшерүнүн натыйжасында колго түшүрдү.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: