Саясатты жыргатпай, илимди кыйраткысы келген Акматбек Келдибеков

04.07.2017 | Саясат

   

  E1645E35-EA7A-41AA-BF5E-10178C03AA1E_w650_r1_s

Кыргыздын кашкөй таланттарынын бири Мидин Алыбаевдин илимий чөйрөдө жүргөн айрым «кандидат», «докторлору» тууралуу тээ Союз маалында эле катуу сынга алган ыры бар эле. Эптеп эле кандидаттыгын же докторлугун жактап алгандардын алган темалары «Бөдөнөнүн жүнү, чегирткенин үнү» сыяктуу болуп атканын укмуштай салыштыруу менен берген. Көрсө, ал убакта да илимге сүңгүгөндөрдүн арасында «халтурщиктери» болгон тура, бирок өтө аз санда болчу экен.

Ал эми азырчы? «Кыргыз илими учурда оор абалда» деп айтып келебиз. Бирок, дагы деле илимдин кандидаттары, докторлору жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнап келишет. Ошол кандидаттыкты же докторлукту акчага жаздырып, анан ошол эле акчанын күчү менен коргоп алгандарды деле угуп атабыз. Уялбагандан өзүң уял дегендей эле замана болуп туру.

Баарынан кызыгы, эми илимий чөйрөгө саясаттан жыдыгандар көбүрөөк тартыла баштаганында болууда. Мурунку депутат, министрлердин көпчүлүгү кызматсыз калышканда зеригип атышабы, айтор биринин артынан бири имилдин доктору боло башташты. Сөзүбүз кургак болбос үчүн айта кетели, экономика илиминин докторлугун ЖК депутаты Акылбек Жапаров кантип алганын Илимдер академиясындагылар эмдигиче аңыз кеп кылып айтып жүрүшөт. Эми ошо Акылбек Үсөнбекович сүрөппү же акылы башынан ашып кеткенби, айтор, мурунку ЖК депутаты, экс-спикер, “ата журтчу” Акматбек Келдибеков экономика илиминин доктору болом деп чамынып жатканын уктук.

Ачыгын айтканда, Кыргызстанда экинин бири экономист. Анан ушунча экономистибиз болуп туруп, эмнеге өлкөбүздүн экономикасы дурус өнүкпөй жатканына тан берсең болот. Жогоруда аттары аталган А. Жапаров менен А. Келдибеков экөө тең экономист. Бирок, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө эч кандай салымдарын кошо элек. Анын ордуна өздөрүнүн жеке үй-бүлөлүк экономикалык абалын укмуштуудай чыңдап алышкандарын жакшы билебиз. А. Жапаровдун борбор калаабызда асман тиреген көп кабаттуу үйлөрү бар. Акматбек мырзанын катар-катар батирлери, хансарайлары, кымбат баалуу автоунаалары, жер тилкелери бар. Демек, алар экономикалык билимин өздөрүнүн үй-бүлөсү үчүн гана колдонуп атышкан болобу?

Эми минтип илимдин доктору болгусу келип туру. Ошондо ал кайсыл темада жактагысы келип атканына кызыккандар көп. “Мамлекеттик кызматтарда туруп мамлекеттин эсебинен кантип үй-бүлөлүк финансылык абалыңды чыңдап алууга болот?” деген темада жазып аткан болсо, анда туура тапкан экен дейбиз. Эгер андан башка тема болсо, анда күбүң-шыбың жүрүп аткан “Келдибеков докторлугун акчага жаздырып атат” деген кепти чын экен деп түшүнөбүз.

Кептин ачыгы, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетиндеги “экономика жана эл чарбасын башкаруу” багыты боюнча диссертациялык кеңеште А. Келдибековдун докторлук иши талкууланып жаткан кези. Эми диссертациялык кеңеш кимдерден турат карап көрөлү: А. Сарыбаев (Ж.Баласагын атындагы КМУнун Экономика жана финансы институтунун мурунку директору), “Кыргызстан” партиясынан КР ЖК  мурунку депутаты Э. Жумалиева, “Бир Бол” фракциясынан КР ЖК депутаты А. Жапаров, Э.Самигуллин (СДПК партиясынан КР ЖК депутаты А.Самигуллинанын атасы), Б.Токсобаева (экономика илимдеринин доктору), К.Атышев (КЭУнун проректору), С. Чолбаева (КЭУ финансы жана кредит кафедра башчысы), Ж. Жумабаев (экономика илимдеринин доктору), Ш.Мусакожоев (КР УИА мүчө-корр), Г.Байтерекова (КЭУ окумуштуу катчысы).

Мына ушул аттары аталгандардын теңинен көбү КЭУ ректору Т. Камчыбековдун камчысын чапкан адамдар. Эске сала кетсек, дал эле ушул Т. Камчыбековдун жардамы менен А. Келдибеков 2008-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. Эми минтип бакыйган илимдин доктору болгусу келип туру (аялымдан эмнем кем деп турат окшойт). Албетте, эгерде Акматбек мырзанын илимге сүңгүгөнгө, илимий иш жазганга шыгы бар болгон болсо, ушул багытта тытынып иштеп келген болсо эч нерсе дебейт элек. Анын колу саясаттан бошобой келди. Анан коррупцияга шектелип камакта жатты, соттук териштирүүлөргө тартылды. Ден-соолугун шылтоолоп Германияга чейин кетип, Дубайды кыдырып, аягында Малайзиядан кайтып келди. Соттун чечими менен 10 млн сом айып пулга жыгылып, абактан чыккандан кийин деле анын илимий иш жазып отурганын эч ким көрө элек.

Көрсө, Келдибековдун докторлук диссертациясы анын өзүнүн катыштыгы жок эле жазылып атыптыр. Бизге жеткен маалыматтарга караганда докторлук ишти жазууда жоопкерчиликти мурунку ЖК депутаты, “кыргызстанчы” Э.Жумалиева (Эне жана баланы коргоонун Улуттук борборунун директору К.Узакбаевдин аялы)  алып жаткан имиш. К. Узакбаев, А. Келдибеков жана Т. Камчыбековдордун өтө жакын достордон экенин жакшы билебиз. Андыктан бир досу аялына Келдибековдун докторлук ишин жаздырып жардам кылса, экинчиси  аны бекитип берүү менен жардам кылайын деп турган экен. Себеби докторлук иш талкуудан өткөн соң эксперттик комиссияга берилет. Ал болсо ректордун буйругу менен бекитилет. Баары пландаштырылган. Болгону Т.Камчыбековдун  камчысын чаппаган 4 адам — Р. Асизбаев, С. Турсунова, А. Орозбаева жана У. Абдынасыров (КР Президентине караштуу МБА кызматкерлери) А.Келдибековдун докторлук ишинин өтө төмөнкү деңгээлде экенине нааразы. Алардын айтымында КЭУ ректору Т. Камчыбеков А. Келдибековдон 15 миң доллар алып, аны актоо үчүн экономика илиминин доктору наамын алып берүүгө жан талашып атат. Экинчиден, коррупциялык кылмыш иши үчүн соттолгон адам КР илиминин доктору болгонго дегеле моралдык укугу жок, эгер бул адам докторлукту жактаса коомчулукта, А. Келдибековдун жеке инсандык терс касиеттерин жакшы билген  бөтөнчө КР илимий-чыгармачылык чөйрөдө тескери аңыз кептер чыгат деп кооптонушууда.

Албетте, Келдибековдун илим доктору болуп калганын жалпы коомчулук укса деле туура кабыл албай турганын түшүнүп турубуз. Анын буга чейин деги эле илимий иш-чараларга катышканын, илим тууралуу сүйлөгөнүн укпаган адамдар кантип “Келдибеков илимдин доктору болду” дегенди туура кабыл алсын?

Бирок, кыязы маселе бышып жетилип калган. Т. Камчыбеков алчусун алып, бере турган кишилерге берип, ооздорун майлап-сүттөп койгон. Андыктан күрдөөлдүү күздүн айларынын биринде А. Келдибеков илимдин доктору болуп калышы кеп эмес. Болгону ушундай илимий жогорку наамды башка бирөөнүн эмгеги менен алып алганы үчүн Келдибеков жок дегенде ичинен уялат болду бекен деген суроо туулат. Кары-картаңдардын пенсиясынан, жаш балдардын пособиясынан өзүнө хан сарайларды куруп алгандан уялбаган Келдибеков мындан деле уялбаса керек дегендер толтура. Тескерисинче, “мен бул илимий ишти баланча түн уктабай жаздым” деп каратып туруп дагы калп айтат да деп эмитеден эле анын айтаар жообун билип турушат. 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: