Сауд Арабиясына ажылыкка кайрадан бара жаткан кыргызстандыктар 540 $ салык төлөшөт

31.07.2017 | Коом

7c958a62a77adc628fd2c06927e1362d

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сауд Араб Падышачылыгы тарабынан мурда  (2015-2016-жылдары) ажылык сапарга барган зыяратчыларга ажылыкка виза алуу үчүн кошумча 2000 риал (540 АКШ) доллар салык  төлөөсү милдеттүү экендигин билдирет. Бул туурасында Muftiyat.kg сайты билдирилет. Ал эми быйыл биринчи жолу ажылыкка барып жаткан ажылар 540 АКШ долларын төлөшпөйт.  Байланыш телефондору: 0312 48-67-67; 0558, 0778, 0708 48-61-67. Быйылкы жылы Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандык ажыларга 4 миң 585 квота береген. Ажылардын алгачкы тобу 7-августта ажылык милдеттерин өтөө үчүн Сауд Араб падышачылыгына учуп кетишмекчи. Жалпысынан 15 каттам болсо, алгачкы 3 рейс Бишкек шаарынан учушат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: