Сасык тумоого каршы эмдөөнүн кереги барбы?

gripp3(13)(1)

Күздүн жамгырлуу жана жел урган күндөрү менен түндөрү бизди эски таанышыбыз эстеп, капыстан кирип келет. Ал баарыбызга белгилүү сасык тумоо. Башты оорутуп, мурундан сууну агызып, карсылдатып жөтөлтүп адамды бир топ машакатка салат.

Эң жөнөкөй көрүнүп, ооруп кайра басылып калган менен сасык тумоо коркунучтуу инфекциялык оору болуп саналат. Ал гана эмес Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сасык тумоону ВИЧ, малярия жана В гепатити менен бир катарда коркунучтуу илдеттердин катарына кошот. Анткени жыл сайын эң жөнөкөй грипптен эле жүз миңдеген адам каза болот экен.

Сасык тумоого каршы дары-дармек, чөп-чар, сарымсак, бал, лимон, маскалар сасык тумоонун алдын алууда таасирдүү эмес экенин баарыбыз билебиз. Сасык тумоонун алдын алуунун жакшы ыкмасы катары сасык тумоого каршы жүргүзүлүүчү вакцина сунушталып келет.

Сасык тумоодон сактоочу вакцина ойлоп табуу менен окумуштуулар 1937-жылдан бери алпурушуп келишет. Заманбап вакциналардын курамында сасык тумоого каршы иммундук жоопту козгоочу вирустун майда бөлүктөрү – штаммдар бар. Аларды жыл сайын  дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын комитети аныктап турат.

Гриппке каршы вакцинанын 2 түрү бар.

Биринчиси ийне менен сайылып, инактивдештирилген вакцина деп аталат. Ал — сасык тумоонун вирустары жукпай тургандай бөлүктөргө ажыратылган бөлүкчөлөрүнөн турат.

Экинчиси, тирүү вакцина деп аталып, анын курамында сасык тумоонун вирустары көбөйө албай тургандай болуп алсыз абалга келтирилген. Вакцинанын бул түрү мурунга тамчылатылат.

Экөөнүн тең таасирдүүлүгү жана коопсуздугу бирдей.

Грипптин вирустары ар дайым көбөйүп, өзгөрүп тургандыктан вакцина тийиштүү жыйынтыкка кепилдик бере албайт деген пикир бар. Бирок бул ушакты тараткандар вакцинанын курамы да жыл сайын өзгөрүп тураарын эске алышпайт көрүнөт. Жыл сайын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери грипптин жүрүп жаткан жаңы вирустарын алып, иликтешет. Андан чыккан жыйынтыктын негизинде ушул сезон үчүн тумоого каршы вакцинанын курамы боюнча сунуштар берилет.

Вакцинациянын мааниси эмнеде? Организмге вирустун бөлүктөрү ийне же тамчылатуу жолу менен киргизилет. Ал иммунитетти ооруну козгоочу инфекция менен тааныштырып, маалымат берет. Ошентип эмделген адамдын организми сасык тумоо деген душмандын мүнөзү менен адатын эртелеп билип, куралданып каршы турууга даяр болот. Эгер адам ооруп калса сасык тумоону жеңил жеңип, дарт ырбап кетпейт.

Вакцинациянын жыйынтыгы кандай болот? Вакцинациядан кийин 2 жума өткөндө грипптин вирусунун антигендерине антитела иштелип чыга баштайт. Андыктан эпидемияны бекемделген иммунитет менен тосуп алуу үчүн адистер октябрь же ноябрда эмделүү керектигин айтышат.

Эмдөө алгандан кийин адамдын абалы кандай болот?

Вакцина сайылгандан кийин инъекция жери кызарып, ооруйт. Бирок 1-2 күндөн кийин басылат. Экинчиден эт анча мынча ысып, булчуңдар бираз ооруксунат, башы оорушу ыктымал. Бул дагы 1-2 күндө тарайт.

Вакцинанын канча жаштан баштап алса болот? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцинацияны  баардык адамдар, ал гана эмес 6 айдан жогорку ымыркайларга, кош бойлуу аялдарга жүргүзүүнү сунуштайт.

Эмдөөдөн февраль айында өтсө болобу? Эпидемия учурунда вакцинация боюнча окумуштуулардын пикири эки башка. Бир даарысы болбойт десе, америкалык илимпоздор кыштын ортосундагы вакцина артыкча болбос дешет. Бирок октябрда эмделүүнү сунушташат. Анткени бүгүн эмдөөдөн өтсөңүз 2 аптадан кийин грипп жугузуп алуу коркунучу азаят. Тилекке каршы жугуп калбайт деп толугу менен кепилдик бере албайт, — ал болгону жугузуп алуу коркунучун азайтат. Эсептер боюнча, вакцинация алган учурда грипп жугузуу кооптуулугу 50-80%га төмөндөйт. Эмделгендер арасында сасык тумоого чалдыгуу, мындай профилактикадан баш тарткандарга караганда 12 %га аз. Грипп болуу коркунучу дагы 2 эсе азаят.

Вакцинация кимге зарыл? Вакцинациядан адатта акчасы жоктор же динге берилгендер баш тартышат. Орто жаштагы адам 2 жума ооруп айыгып кетет. Бирок карыларга оор эле болот. Андыктан 65 жаштан жогорку карыяларга, өпкөсү ооругандар, астматиктер, жүрөк-кан-тамыр оорусу барлар, боор жана бөйрөгү ооругандар,  иммунитети төмөндөр, медициналык кызматкерлер,  кош бойлуулар, мектеп, бала бакча, балдар үйлөрүнүн кызматкерлерине вакцина сайуу зарыл.

Сасык тумоонун алдын алуунун башка альтернативасы жокпу? Жок деп баш чайкашат адистер. Маска тагынуу, витамин ичүү, дары чөп кайнатуу, жылуу жүрүү деген кеңештер жеткиликтүү түрдө таасир бере албайт. 80-120 диамтерлик вирустар беткаптан оңой эле кирип кетет. Ал болгону былжыр менен түкүрүктү кармап калуу үчүн керек. Лимон, чеснок сыяктуулар вируска зыян келтире албайт. Жеке гигиена жана колдуу жууп жүрүү гана бираз таасир бере алат. Ошондой эле эл көп топтолгон жерди айланып  өтүү зарыл.

Вакцинация ден-соолукка карап жүргүзүлөт. Эгер адам анча-мынча сасык тумоолоп калса эмдөөгө барса болот. Бирок эпидемия күчөп, сасык тумоо менен катуу ооруп калганда вакцинация жасалбайт.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги быйыл алдыдагы эпидемиялык маал учурунда оору-сыркоону турукташтыруу жана алдын алуу иш-чаралары үчүн сасык тумоого каршы 84 миң 642 доза вакцина сатып алган. Ал “Гриппол плюс” деп аталат. Бул вакциналар медициналык кызматкерлер, өнөкөт оорусу барлар, дайым ооруучу балдар, балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары жана кош бойлуу аялдар үчүн.

5news.kg


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: