Сапар Исаков менен Нурсултан Назарбаев жолугушуусунда чек ара маселесин талкуулашты

12.10.2017 | Коом, Саясат

0561c5fc0be2212f543848fb73ad3f69

11-октябрда Россиянын Сочи шаарында премьер-министр Сапар Исаков Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Төралиева билдирди.

Анын айтымында бей формал жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосунда жаралган кырдаал боюнча сүйлөшүштү. Анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы абал да талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасын бергени кабарланат.

Эскерте кетсек, Сочиде КМШ жана мурдаагы ЕврАзеС уюмуна мүчө өлкө башчыларынын жолугуушлары өтүп жатат. Кыргызстандын атынан жыйынга өкмөт башчы Сапар Исаков кеткен.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: