Домой Саясат Самат Курманкуловдун ден соолугунда жакшы жылыш бар экени айтылды

Самат Курманкуловдун ден соолугунда жакшы жылыш бар экени айтылды

1

Чүй облустук милициясынын Москвада дарыланып жаткан башчысы Самат Курманкуловдун ден соолугунда жакшы жылыш бар. Бул тууралуу “Фарм-Альянс” компаниясынын жетекчиси Татьяна Дементьева «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Дементьева Москвага барып Курманкуловдун өзү менен жолукканын, ал сүйлөп, тамашалашып калганын, башынан өткөн окуя тууралуу көзүнө жаш алып айтып бергенин билдирди.

“Өз көзүм менен көргөнүмө абдан кубандым” дейт Дементьева.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Курманкуловдун ден соолугу тууралуу азырынча жаңы расмий маалымат түшө электигин билдирди.

Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башынан жараат алган. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Булак: Азаттык