Салык кызматы: Менчик медициналык лабараторияларда мыйзам бузуулар аныкталды

pic1

Салык кызматы Бишкек шаарындагы медициналык лабораторияларда кызмат көрсөткөн субьекттер боюнча контролдук сатып алуулардын жүрүшүндө, текшерүүгө алынган 61 жеке менчик лабораториянын 30нан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ар кандай бузууларын аныктады.

 

Мындагы мыйзам бузуулар «Евро Лаб», «Аква лаб» жана «Интелмед» ЖЧКларына таандык болгон «Евро Лаб», «Аква Лаб», «Бонецский” сыяктуу лабораториялардын белгилүү тармактарынан аныкталды. “Евро Лаб” лабораториялык тармагынын 12өө текшерилсе, анын 11нде мыйзам бузуулар орун алган, анын ичинде 9 лабораторияда ККМ онлайн жок, ал эми 2сүндө ККМ колдонуу тартиби бузулган.  Текшерилген 15 “Аква Лаб” лабораториясынын 8де ККМди колдонуу тартиби бузулган, анын ичинде 1 лабораторияда ККМ-онлайн жок. 20 “Бонецкий” лабораториясынан 4нөн ККМди колдонуу тартиби бузулган. Мындан тышкары, мыйзам бузуулар “ДЛ ХУМАН” «Интерлизинг», «Лаб Тест» ЖЧКларынан, жеке ишкерлер Бурханова Г.К., ИП Токобаева, Керималиева Ж.А., Жулина Ж.А., Акималиева А.А., Сулайманов Б.Т.   жана Г.А. Олжоновадан аныкталган. Азыркы учурда салык мыйзамын бузган бардык субьекттерге Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык чара колдонулууда.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: