Домой Саясат Саймаитиге паспорт Сузакта берилген

Саймаитиге паспорт Сузакта берилген

5

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов Туркияда өлтүрүлгөн Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылганын билдирди. Саймаити башка адамдын атынан паспортту Сузактан алган. Мамбетов ошондой эле Саймаитини өлтүргөнгвө шектелип кармалгандар кыргыз жараны экенин тастыктаган фактылар жок экенин, алардын ысымдарын текшергенде базадан чыкпаганын кошумчалады. Айткандай, Ички иштер министрлиги Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү фактысына байланыштуу Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылганын маалымдады.

Булак: Фабула