Садыр Жапаровду Алматадагы, Минскидеги Бакиевдер Кыргызстанга узаттыбы?

25.03.2017 | Саясат

Бир топ жылдан бери сыртта качып жүргөн Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келди. Интернетте баатыр болгондон башка эрдиги жок Садыр Нургожоевичтин басып өткөн жулун иликтеп көрдүк. Биз болгону сыртта кара жанын карч уруп, үй-бүлөсүн эптеп багып жүргөн мекендештерибизди Садыр Жапаровдой шылуунга алданбасын деген гана тилектебиз. Төмөндө Садырдын сары изине чөп салып көрөлү.

чек арада кармалган Садыр Жапаров

Садыр Нургожоевич кайсы максатта Кыргызстанга келип атат? Алгач ушул суроого жооп табалы. Айрым маалымат каражаттары жазгандай, Өмүрбек Текебаевдин Бакиевдер менен жолугушуусун уюштуруп жүргөн Садыр Жапаров акыркы кездери Текебаевге жан тарткандай түр жаратты. Ошол эле учурда канкор Курманбек Бакиев “Азаттыктын” беларус кызматы аркылуу дээрлик бир саатка созулган актанмай интервьюсун ободон жаңыртып, абактагы Өмүкеге боор толгогон, аны тымызын мактаган пикирин ортого салган.  Өмүрбек Чиркешовичтин камакка алынышы менен Бакиевдердин планы ойрондолбогондой. Алар “запасной вариант” катары Садыр Нургожоевичти пайдаланууну мерчемдешкендей. Мындан улам, Садыр мырза Россиядагы мекендештерибиз менен жолугушууларды өткөрүп бүтүп, кошуна Казакстандын Шымкентинде “жоортуулун” улантканын ырастаган тасма тарады. Тасмада С.Жапаров 25-мартта Бишкекке келип, бийликке кантип кысым көрсөтүү керектигин талкуулап атканы көрүнүп турат. Кызык, эмне үчүн Казакстанды тандады болду экен?

Ушул жерден кайрадан К.Бакиевдин “Азаттыктагы” маеги эске түшөт. Ал маегинде айрым үкалары Казакстанда баш калкалап жүргөнүн билдирген эле. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, ушу тапта Адылбек Бакиев үй-бүлөсү менен Казакстандын Алмата шаарында жашайт. Ошол эле шаарда кадимки Жаныш Бакиевдин байбичеси уулу менен жашаарын эске алганда, шамал кайсы тараптан согуп атканын божомолдош иттен оңой. Жаныш, Акмат, Марат Бакиевдер “ат тезегин кургатпай” Казакстанга каттап, той өткөрүп турарын да тар чөйрөдөгүлөр айтып жүрүшөт. Ал эми кадимки Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин Казакстанга журт которуп, учурда Казакстандан Дубайга байма-бай каттап, бизнесин гүлдөтүп атканы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Мына ушунун өзү жогорудагы сурообузга жооп болду окшойт.

 

Базарбай ажы Жапаровдун “беш өрдөктөрүн” тизмектегенде

Буга чейин Садыр Жапаровду Базарбай ажы Темишов быкыйын чукуган макаласын “Азия-Ньюс” гезитине жарыялаган. Биз ошол макаладагы маанилүү жерлерин кыскартып сунуш кылабыз. Макаланын кыскача мазмуну мындай: “2010-жылы парламенттик шайлоодо Садыр да эптеп элди алдап добуш алууда бу апенди сымаал калпты чындай айтып: “ой калайык калкым, көлдүк элим, “Ата-Журт” партияны мен түзгөмүн, мен негиздегемин, мен атын койгомун, ээси менмин” деп бакырып жүргөнүн көп угуп, гезиттен да окуган элем. Ошондо мен: “байкуш, кантсин, бийлик көзүнөн учуп, айласы куруп, көлдө баккан “беш өрдөгүн” учуруп, элди алдап, бекер “жаңгак” топтоп жүргөн  тура” деп, ага анча деле маани берген эмес элем. Ошондо элин алдап, аз-маз добуш алган Садыр эми бул апендиче элге айткан өз калпына өзү ишенип алып, ошол калпын дагы интернет, гезиттер аркылуу Польшада жатып бийик-бийик учура баштаганы кызык болууда.   Садырдын 2015-жылы 2-февралда Польшадан учурган “беш өрдөк” калпы мындай: -“Ата-Журт” партиясын үчүнчү чакырылыштын он чакты депутаты 2006-жылы негиздегенбиз. Негиздеген күнү пресс-конференция да бергенбиз. Видео архив турат. “Ата-Журт” деген атты сунуштап, автору болгонмун. Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүңүз деп Базарбай Темишовго тапшырма берип жиберсек, ал өзүнүн аты жок партиясын кайрадан каттоодон өткөрүп, “Ата-Журт” деп каттатып койгон экен. Ошол себептен ал киши учредитель болуп жүрөт. Биз аны билбептирбиз. 2010-жылкы шайлоодо бир топ сыр көрсөтүп жүрүп кагаз, печаттарын араң берген жайы бар. Азыр да “Ташиевден партияны алам” деп сотко берип жүрөт деп угуп жатам… Садырдын мындай алдамчылыгы, адепсиздиги мага көптөн бери көнүмүш эле, ага жооп жазбай эле коюуну ойлогом. Бирок, акниет телефон чалуулар түрткүсү менен Садырдын коомго өтө зыяндуу, ага өнөкөт болуп калган, аны менен Көлдө бирге өскөн “беш өрдөк” калптарын фактылар  менен  ачыктап коюуга туура келди: 1) Садыр интернетте жазган жалган жалаа сөзүндө, эч нерсе билбеген аңкоо болуп: “Азыр да “Ташиевден партияны алам” деп сотко берип жүрөт деп угуп жатам” деп 2015-жылдын 2-февралында (датасына көңүл коюңуз) жазып жатат. Ал эми биздин доомат катка  “жазуу жүзүндө” берген (бизде сакталып турат)  жообунда Садыр: “сиздердин доомат катты алдым, тааныштым, баары туура, партия К.Ташивде, кайтарып алсаңар болот” деп 2015-жылы 8-январда эле жооп берген. Эми анын кайсы сөзүнө ишенебиз? 2) Ал ошол эле интернеттеги  дагы бир сөзүндө: “Ташиев менен кабарлаша элегиме бир жылга жакындап калды” деп жазыптыр. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, алардын байланыш С.Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китеби чыккандан күчөп, эми Садыр бизге берип алган “макулдук катына” ичи күйүп, “туз жалап”, мага асылып, К.Ташиевге болсо жагалданып “попугайы” болуп  жаткан чагы”.

 

“Жыргалаң” шахтасын “жыргаткан”

Садыр Жапаров 5-чакырылыштагы парламентте депутат болуп турганда Сотторду тандоо Кенешине өз кишилерин киргизүүдө олуялык кылып Замирбек Базарбеков деген мурунку кызматынан куулган адамды Сотторду тандоо кенешинин төрагасы кылып  дайындаттырган. Акыры жарандык коомдун өкүлдөрү ал адам жөнүндө  маалыматты коомчулуктун назарына коюп жатып төрагалыктан четтетиришкен. З.Базарбеков бир кездеги С.Жапаровдун «Ысык Көл» банкы менен  « Жыргалан шахтасы» ААКсы боюнча иштерин «өтө калыс» караган адамы экен деген сөздөр жүргөн. Көрсө ал кептер бекер жеринен болбоптур. Сөзүбүз кургак болбос үчүн төмөнкү фактыларга кайрылалы:

КРнын мамлекеттик мүлкүн башкаруу боюнча  Фондунун Ысык-Көл-Нарын башкармалыгы жана «Жыргалан шахтасы» ААКнын жетекчилиги тарабынан  акциялардын мамлекеттин үлүшүн көбөйтпөй туруп 71,14% өлчөмүндөгү мамлекеттик акциялардын пакетин  ОсОО «Код ИКСке» сатып жиберген.  Анын директору Жапаров Сабыр Нуркожоевич (КР  ЖКнын депутаты Жапаров Садыр Нуркожоевичтин бир тууганы) болуп  эсептелет. Ошону менен бирге мамлекетке 22,4 миллион сом зыян келтирилген.

КР өкмөтүнүн Буйругуна ылайык КРнын бюджетинен бөлүнгөн  22,4 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражаты Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча  Фонддун жетекчилиги жана «Шахта Жыргалан» ААКсы тарабынан мамлекеттик акцияга ээлик кылуучуну аныктоо менен уставдык капиталды көбөйтүү катарында таризделиши керек болчу.

Жогорудагы буйруктарды (27.04.2006-жыл жана 27.04.2007-жыл)  ишке  ашыруу максатында «Шахта Жыргалан» ААКсынын акционерлеринин жалпы чогулушу болуп өтүп, кошумча акцияларды чыгаруу жолу менен уставдык капиталды 22,4 миллион сомго көбөйтүү чечими кабыл алынган. Бирок ишкананын жетекчиси Байсаков Нарынбек менен директорлор кенешинин төрагасы В.В.Бобровдор кошумча акцияларды чыгарыш үчүн документтердин пакетин даярдоо процессин создуктуруп  жиберишкен. Ошону менен бирге мамлекеттик мүлктү   башкаруу боюнча Фонддун  Ысык-Көл-Нарын  территориялык башкармалыгынын   жооптуу кызматтагы адамдары  «Шахта Жыргалаң» ААКсынын акцияларынын мамлекеттик үлүшүн көбөйтүү боюнча  кызматтын кызыкчылыгы үчүн эч кандай чарапарды кабыл алышкан эмес.

Мамлекеттик акциялардын пакетинин 71,14% өлчөмүндө мыйзамсыз сатылып кетиши 2007-жылдын  3-июлундагы  КРнын Эсеп палатасынын жана 25.12.2007-жылдын   25-декабрындагы КРнын финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу Кызматынын актылары менен тастыкталган  жана «Шахта Жыргалан» ААКсынын уставдык капиталындагы   мамлекеттин үлүшү 22,4 миллион сомго көбөйбөй туруп сатылыш фактысы аныкталган.

22,4 миллион сом акча каражаттарын жылына  9,6% бюджеттик ссудага  өткөрүү   жөнүндө   2009-жылы КР өкмөтүнүн Буйругунун долбоору даярдалып белгисиз бир себептер менен аталган  долбоор кабыл алынбай калган.  А балким бул жерде  КР ЖКнын депутаты Садыр Жапаровдун кызыкчылыгы ойноп кеткенине эч ким кепилдик бере албайт. Анткени ал кезде Садыр экс-президент К.Бакиевдин ишенимине кирип Коррупцияга каршы агенттиктин комиссары болуп турбады беле? Же калпбы?

 

Садыр Жапаров террористтик аракеттен да баш тартпайбы?

Эмилбек Каптагаев Ысык-Көл облусунда губернатор болуп турганда Садыр Жапаровдун тараптарташы уюштурган митинг учурунда барымтага алынган. Каптагевди барымтага алып кармап турган автоунаа Садырдын карындашы Салтанат Жапаровага катталгандыгы да аныкталган. Бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражат жана айдоочулук курамды каттоочуу департамент дагы бекемдеген. Ошол күнкү окуянын күбөлөрү дагы Эмилбек Каптагаев отурган автоунаа Садыр Жапаровдун бир тууганына таандык экендигин ырастап жатышат. “Митингдин катышуучуларынын биринин айтымында унаа алдын ала даярдалып, анын ээси унааны өрттөөгө да макулдугун берген. Унааны Жапаровдун туугандарынын баласы айдап келген, анын эсси Каракол шаарындагы Коенкөзөв көчөсүндө жашаган Салтанат Жапаровага (Садыр Жапаровдун карындашы) таандык», – деп билдиришкен алар.

Алардын маалыматы боюнча бул акцияга алар алдын-ала даярданган. Маселен, алар унаанын эшигинин кармап ачуучу (ручка) тетиктерин чыгарып коюшкан, эшиктерди ачылбай тургандай кылып бекитишкен. Анан милиция аларды курчап калганда Каптагаевди унаанын салонунан арткы отургуч тарабындагы айнегинен чыгарышкан. Мамлекеттик каттоо кызматы бул алча түсүндөгү В 3025Р мамекеттик номурлуу «Фольксваген-Венто» автоунаасы «Кумтөр» келишимин денонсация кылуу керек деп кыйкырып жүргөн Садыр Жапаровдун бир тууган карындашына таандык экендигин ырастады. Буга чейин митингдин катышуучулары эгерде биздин талаптарды аткарышпаса автоунааны өкмөттүн өкүлү менен бирге өрттөйбүз деп билдиришкен. Кыскасы Садыр мырза көксөгөн максатына жетүү үчүн террористтик аракеттерден да баш тартпай турганын ошол окуяда далилдеген.

 

Садыр карандай калпты айтып, аны түрк элчиси уят кылган

Садыр Жапаров «Саясаттагы 10 жыл» китебинде Кыргызстандан Түркияга 3 тоннадан ашуун алтындын чыгарылып кетиши тууралуу айтып, чындыкка коошпогон маалымат тараткан. Кыргызстандагы Түркия элчиси Метин Кылыч аны четке кагып, Садырдын калпын чыгарган. Элчи мырзанын айтымында, депутаттын китебинде көрсөтүлгөн маалыматтарда логикалык жактан келишпеген учурлары өтө көп.Элчилик тиешелүү маалыматты Түркияга жолдогон. Анда мындай делет: “Логикалык келишпестиктер тууралуу. Биринчиден, Жапаров гуманитардык жүк менен кошо Түркияга 3,5 тонна алтын чыгып кеткен деп бекемдейт. 3,5 тонна алтын аны эч ким байкабай кала тургандай эмес, өтө чоң жүк. Экинчиден, китепте учкуч Түркияга учаардын алдында атайын аны башка жердеги унаа токтоочу жайга алып барып алтынды түшүрүп калууга үлгүрүү үчүн башка самолеттун канатына тийип кеткен деп көрсөтүлөт. Эл аралык жарандык авиацияда камсыздандыруу компаниялары деген түшүнүк бар. Алар самолеттордун учуусуна жооп берет. Самолеттордун кагылышуусу – бул эки машиненин кагылышуусу сыяктуу кырдаал эмес. Бул жерде көптөгөн миллиондук камсыздандыруу бар. Эгерде бир самолет башка самолетту сүзүп алса, бул өзгөчө окуя. Андай кырдаал өзүнө тиешелүү тараптардан жана адистерден өтө көп көңүл бурдурат”.

Элчи Метин Кылыч эгерде кайсы бир мамлекет жүк жөнөткүсү келсе, алдын-ала жүктөө боло турган бардык товарлар көрсөтүлгөн реестр (тизме) жөнөтүлөт деп белгилейт. Кабыл алуучу тарап тизмени карап, андан өзүнө керектүүлөрүн тандайт. Жүк келип түшкөндө аны бир нече мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тосуп алат. Алар комиссиялык түрдө келген жүктү тизме менен салыштырышат. Андан кийин гана жүктү кабыл алуу-жөнөтүү болот. “Мындай кырдаалда эч ким эч нерсени байкабай калышы мүмкүн эмес. Китептин автору чындыкка коошпогон нерсени айтып атат. Андыктан биз бул маселени жакын деле кабыл албайбыз. Себеби Жапаровдун айткандары негизсиз”, – деп кошумчалаган элчи.

 

Мыйзамсыз басып алуудан кулагы көрүнүп…

2012-жылдын сентябрында Садыр Жапаров тарабынан бир имараттын мыйзамсыз сатылгандыгы тууралуу факт белгилүү болгон. Имарат тууралуу кылмыш иши боюнча кыскача эске сала кетели. Бул имарат убагында Максим Бакиевге тиешелүү болуп, Бишкек шаарынынын Киев көчөсүндөгү 74-даректе жайгашкан. Бул баасы 100 миллион сомдук кыймылсыз мүлк обьектиси арестке алынып, мамлекетке өткөрүлүшү керек болчу. 2010-жылдын апрель айына чейин бул имаратта «ВИПконсатинг» ОсООсунун офиси жайгашып, анын негиздөөчүсү жана жетекчиси Максим Бакиевге жакын А. лисеев болгон. Ошондой эле Максим Бакиевдин көзөмөлүндө болгон Борбор Азиялык «CASE» фондуук биржасынын офиси да жайгашып келген. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин эле депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков имарат Бакиевдердин менчигинде экендигин алдын-ала билип, имаратка зыян келтирген күч менен басып алууну уюштурган. Ал башка тилектештери менен бирге жасалма документтерди жасап, 2010-жылдын 21-апрелинде базар баасынан төмөн, тактап айтканда 19,5 миллион сомго сатып жиберген. Андан кийин документтерди атайын даярдалган бирөөгө каттатып койгон. 2012-жылдын 15-сентябрында Э. Мадылбеков көз боемочулук жана коррупция боюнча шектелип кармалган. Андан кийин тергөө иштеринин жүрүшүндө «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаровго айып тагылып, Жогорку Кеңешке анын депутаттык кол тийбестигин алып салуу өтүнүчү жолдонгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Жапаров бул имараттын мыйзамсыз басылып алынганын билгендиги, андан кийин аны кайра сатып жиберүүнү чечкендиги аныкталган. Адегенде Бишкек шаарынын Киев көчөсүндөгү имаратты Жапаров Баткен облусунун экс-губернатору Азизбек Бурхановго сатууга ниеттенгендиги аныкталган. Бирок, имаратка Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан арест коюлгандыгы билингендиги үчүн бу сатык ишке ашкан эмес. Ошентсе да 2010-жылдын ноябрында 19 миллион сомго алган имаратты 23 миллион сомго «Ата-Журт» саясый партиясынын мүчөсү Э.Маматовго сатып жиберген. Ал эми имараттын документтери Камчыбек Ташиевдин бир тууганынын баласы, 1991-жылы туулган Жаныбек уулу Шумкарбекке каттатышкан.

Кыскасы мигранттардын башын айлантып жүргөн Садырдын жоруктары айта берсе абдан көп. Эми ушул байкушту баатыр кылып, аны келечектеги президент катары сыпаттап жибергендерге ичиң ачышат. Жапаровдун чыныгы жүзүн баары билишсе кана! Мындай адамдар кийин гана башын мыкчып, арман кыла турганын азыртадан эскертип коелу.

Булак :Кабарлар


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: