Садык Шер өлүмүн тилеген Илим Карыпбековдун саламаттыгы турукташа баштады

03.03.2017 | Коом

Бу саясатчыларың түгөткүрлөргө даба жок экен деп калдык. Мындан эки күн мурда жол кырсыгына кабылып, ажал менен кармашкан КТРКнын директору Илим Карыпбековду табалагандар парламенттин төрүнөн чыкты. ЖоКенин 1-марттагы жыйынында “ата мекенчи” депутат Садык Шер Илим Карыпбековдун “өлүмүн тилеп” атканын ачык билдирип алды.

 Илим Карыпбеков

«Мен мындай айтаар элем, негизи ушундай жалаа менен жүргөндөрдүн баары жакшы болбой жатат, мына бул жерде Илим мырза (КТРКнын директору Илим Карыпбековду айтканы) дагы айтты эле мен кыйналып жатам, түнкү үчкө чейин байкуш кыйналып жүрүп аягы мына аварияга кабылыптыр да» деп күпүлдөгөнү эле чыгармачыл инсан катары сыпатталып жүргөн Садык мырзанын табигый жүзүнөн кабар берет.

“Бирөөнүн өлүмүн тилегиче өзүңдүн өмүрүндү тиле” дейт элибизде. Саясат – саясаты менен, ал эми адамгерчилик дайыма сакталышы керек. Кыргыз башына кыйынчылык түшкөндө элдешкис душманын да табалаган эмес. Бактыга жараша Илим мырзанын саламаттыгы турукташа баштады. Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун  коомдук телеканалдын жетекчиси сүйлөөгө жарап калды. “Ага азыр көп сүйлөөгө болбойт. Жакындарынан башкаларга жолукканга уруксат жок. Азырынча журналисттерди да анын палатасына киргизе албайбыз”, —  дейт ал.

Ылайым эле Илим Карыпбеков Садык Шер сыяктуу “күйүткөрлөрдүн” тилегин таш каптырып, айыгып кетсин дейли. “Көйнөкчөн төрөлгөн” директордун өмүрү узун болсун!


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: