Садык АЛАХАН, филология илимдеринин доктору, профессор: “Премьер-министрдин аракеттерин жалпы журт колдоого алганы максатка ылайыктуу”

16.08.2017 | Саясат

          61841471335398_big

Ѳкмөт башчысы “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда өлкөнүн баардык министрликтери менен ведомстволорунун макулдашылган аракети жана тартип талап кылынаарын билдирди. Мамлекеттик маанидеги бул саясатка канткенде ар бирибиз өз салымыбызды кошо алабыз?

— Эгемендикке ээ болгон чейрек кылымдан ашуун мезгилде атпай журт башынан бир топ “долбоорлорду” өткөрдү. Дурусу болду, бурушу болду дегендей. Эми бул «Таза коом» долбоорунун түбөлүгү түз болсун! Элибиздин жакшылыкка болгон үмүт-тилегин актаган долбоор болсун… Албетте, ар кандай иш-чара элдин өзүнүн, анан да эл башчыларынын аракетисиздиги жарытылуу майнап бербеси бештен белгилүү. Ушул өңүттөн алып караганда азыркы премьер-министрибиздин бул багыттагы аракеттери колдоого гана татыктуу. Анын «Таза коом» долбоорун өз көзөмөлүнө алуусу, албетте, колдой турган көрүнүш. Ушинтип бийликтин туу башындагылар өздөрү колкабыш кылбаса, ар кандай иш аракеттен майнап чыгышы кыйынырак эмеспи.

— Келечекте санариптик дүйнөдөн өз ордун ээлөө — Кыргыз Республикасынын стратегиялык милдети экенин Сооронбай Жээнбеков «Таза коом» долбоору боюнча өткөргөн өкмөттүн жыйынында билдирди. Мындай милдеттерди ишке ашырыш үчүн «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу менен жете алаарыбызды айтты. Сиз премьер-министрдин мындай пикирине кошуласызбы?

— Албетте, санариптик дүйнөдө ар бир мамлекеттин өз ордун табуусу өтө татаал маселеге айланаары турулуу иш. Бирок, ааламдашуу процессине батыл аралашып, бул багыттагы ар кандай долбоорлорго жүрөксүбөй киришкенде гана ар бир өлкө алгылыктуу ийгиликтерге жетише алат. Ансыз, азыркы учурда жалгыз-жарымдап өтөлгөлүү иш жасоо түк мүмкүн эмес. Ар кандай эл аралык ишчараларга батыл аралашуу зарыл. Өкмөт башчыбыз дүйнөлүк өнүгүүнүн ушул реалдуулугун ичкериден сезгендиги кубанарлык көрүнүш. Премьер-министрдин бул багыттагы аракеттерин жалпы журт колдоого алганы максатка ылайыктуу болот.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: