Саанчы «жеңе» Мадумаров ишенчээк Салымбековду кантип “саады”? (уландысы)

(Башы өткөн санда)

Май айынын башында Салымбековдорго Адахан Мадумаровдун Сооронбаев деген чабарман жигити  “Эмгекке” “Бүтүн Кыргызстанды” кошуу ниетин билдирип келет. Ал Мадумаровдун атынан сүйлөп: “Акчабыз да, шайлоочуларыбыз дагы арбын, айтор баары даяр” — деп шыпылдайт. Салымбековдор ал кезде кайсы бир партия менен кошулууга катуу камынып турган эле да. Андыктан алар дароо эле: “Борбордук штабга 1 млн. доллардан чыгара аласыңарбы, силер түштүктү алгыла, биз түндүктү алалы” — дешет, Сооронбаев “сонун болот” деп ичинен кымыңдап жөнөп кетет. Сүйлөшүү жогоруда жазылгандай оозеки гана түрдө болуптур.

Адахан МадумаровАрадан 5 күн өтпөй “Кыргызстан” партиясынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов Аскар Салымбековго партияларды кошуу демилгесин айтуу үчүн атайы кайрылат. Бирок, Аскар мырза бул маселеде чоң ката кетирген экен. Себеби, ал Шакинин: “Байке, биз жаңы партияны алып чыгалы деп жатабыз же силерге эле кошулалы” — деген кыяздагы суроосун жактырбагандай кабыл алып: “Жок, иним, биз Мадумаровго кошулганы жатабыз, сүйлөшүп койдук” — деп коёт. Шакинин бул сөздү укканда шаабайы сууп, назары сына түшөт. Чынында Салымбеков өзү мурда-кийин мыкты билген, жойпулугунан да жакшы эле кабары бар Мадумаровго анчалык терең ишенбей, өз иниси Шакини далыга таптап: “Макул, иним. Силерден 7-8 киши чыгаргыла, биз 10дой киши чыгарып, ошол багытта иштешели, калган талапкерлерге коалицияга кирип калсак, кызмат берели” — деп койсо, анда бүгүнкү күндө парламентте жок эле дегенде 10дой депутаты менен өзү кошо бакыйып олтурмак. “Кыргызстан” эч кимге кошулбай эле 18 мандатка жетпедиби, эгер “Эмгек” экөө бириксе, балким 30 мандаттуу болушмак. Бул эки партия кошулуп шайлоого бирге барганда “Бир Болго”, “Өнүгүүгө” босогодон аттап өтүү кыйла эле оор болуп калмак. Ал тургай “Ата Мекенге” да олуттуу маселе жаралмак.

 

Акчасы жок бийликти колго алган Адахан

Ошентип, “Эмгек” менен “Бүтүн Кыргызстандын” никеси кыйылып, “үлпөт” тою берилип, “эки партия эптеп жашап кетсин” дешип бир топтор жакшы үмүт кылышса, ошондо да кыйла адамдар, кайнаса оңой менен каны кошулбаган эки башка агымдагы адамдын “баш кошуп” жатканына бир чети таң калып, бир чети ташты жара үшкүрүп кала беришет.

Түлкүдөн да куу, сүйлөсө тилинен чаң сапырылган Адахан Мадумаров бириккен күндөн баштап, ишенчээктиги, азыраак баёолугу бар Аскар Салымбековду далыга таптап, алтын шилекейлери “түгөнүп” калгыча чачып, айтор жакшылап колго ала баштайт да, анын аркасы менен шайлоо штабындагы негизги бийликти өз колуна алууга жетишет. Мадумаров борбордук штабды өзүнүн эң ишенимдүү нөөкөрү Сооронбаев менен башкарат, алардын башкаруу ыкмаларына “эмгекчилер” эч кандай деле кийлигишпейт.

Салымбековдор мурда сүйлөшкөндөй бир нече миллион долларды штабдын кассасына салышат. Ал эми “биз акчабызды эртең эле сала коёбуз” деген Мадумаров, эртеси да, бир айдан кийин да, эки айдан кийин да салбайт. Шайлоо өнөктүгү башталып, ортолоп калганда да акчанын өзүн эмес, көлөкөсүн да көрсөтүшпөйт. Үгүт иштерине болсо Салымбековду, так айтканда “Эмгекти” болушунча “саап” ортодогу акчадан уялбай-этпей эле алып, шыпылдаган саанчы “жеңенин” ролун мыкты аткара берет.  Мындан тышкары, “Эмгек” партиясынын бир топ талапкерлери жүздөгөн миң долларларды үгүт маалында элге чачты. Көп акча чачкандардын катарында Салымбеков өзү жана Нарынбек Молдобаевдер турушарын ошол кезде сайттар “сайрап” да, санап да чыгышкан. Бирок, алар мектеп, бала бакча, суу түтүк  алмаштыруу, арык, канал тазалоо, жол оңдоо, спорттук оюндарды өткөрүү, жетим-жесирлерге жардам берүү сыяктуу иштерге басым жасашыптыр. “Бүтүнчүлөр” болсо өз акчаларын аяп, көп чачышкан жок. Ал эми Мадумаров өз партиясына кошулган капчыктуу талапкерлердин бир тобун денеге чап жабышкан кенедей эле канын сорду десек болот. Буга бир мисал, тар чөйрөдө Каныбек Нарбаевдин бери жагы эле шайлоого 500 — 600 миң доллар сарптаганы айтылып жүрөт. Каныбек мырза, албетте мунун баарын элге тараткан жок, канча бир бөлүгүн партлидери Адаханга карматкандыр… Айтор, Мадумаровго кошулуп, мандатка жетебиз деп Нарбаев сындуу ашыкча чабылгандар арбын экен.

Аскар мырза, Адаханга дале болсо ишенип, “дагы бир жерден акча алып келип калар” деп үмүт кылып турганда, шайлоо аяктай баштайт. Мадумаров болсо, ушуну гана күтүп жаткандай: “Биздин ортого кошо турган акчабыз жок” деп, көк асмандан өзүн өпкөсүн үзө тепкени шукшурулуп, күү менен келаткан бүркүттөн ташка кире качып кутулган түлкүдөй мант берет. Бүркүт андайда эмне болот, күүсүн токтото албай, албетте талпагы ташка жайылат да…

 

5 млн. ө 15 миң доллар…

Бирок, Мадумаров айрымдар айтып жүргөндөй “Эмгектин” акчасын толук жеп алган жери жок, балким, “май кармаган бармагын жалайт” болуп, азыраак болсо да кокосуна куйганы чын болуш керек. Эми бул маселени Адахан мырза өз абийиринин алдында да, кудай алдында да эгерим мойнуна албасы турган иш деңизчи. Ал үгүт иштерине акчаны өз чөнтөгүнөн чыгарбай, “Эмгектин” акчасын туш келди чачып турганын бул маселени жакшы  билгендер айтып жүрүшөт. Айтор, тегерегине кереги жок кишилерден, ашыкча үгүтчүлөрдөн көп топтоп, чоң акчанын бир бөлүгүн алардын казган арыгына агызып турганы белгилүү болгон.

Мадумаров ортодогу кассага салмакчы болгон миллиондогон доллардын ордуна болгону 15 миң доллардай акча таштап, ырым эткен болот. Ишенимдүү маалыматтарга таянсак, “Эмгек” партиясы болсо борбордук кассага 5 млн. доллардан ашык акча салган экен. Чынында Салымбеков жана жалпы эле “Эмгек” партиясынын түндүктөгү талапкерлери Мадумаровдор түштүктөн арбын добуш алышат деп үмүт кылышкан. Маселен, Салымбековдор: “Мадумаровго кошулганыбыз үчүн Нарында көп болсо 15-20 миң добушубузду жоготобуз, а бирок түштүктөн Мадумаровдун аркасы менен бери жагы 50 миң добуш алабыз” — деп бүтүм чыгарышыптыр.  Натыйжада бул бүтүм теңирден тескери болуп чыкты.  Чынында “Бүтүн Кыргызстан ө Эмгек” партиясы шайлоодо босогодон өтө тургандай эле добуш алышкан деп айтсак болчудай.  Маселен, Мадумаров менен Салымбековдун партиясына добуш бергендердин көбү атайы белгини (галочканы дейли) бюллетендеги төрт бурчтуу сызыкчадан ашыра коюшкандыгы айтылат. БШК алардын баарын жараксыз деп санаган. Себеби, бул партиянын кишилери республикадагы 2374 шайлоо участкасын автоматтык аппаратка ишенишпей бирден колу менен санап чыгышкан, ал санактын эсебинде жалпы добуш 137 миңге жетиптир. Ал эми БШКнын расмий эсептөөсү 98 миң добуш менен токтогон, ошондо босогодон өтүүгө дагы 10 миңдей добуш жетпей калган.

Бирок, бул жолку добуш берүү эрежеси бир топ өзгөртүлгөндүктөн, негедир ага карабастан Мадумаров бир топ чырдап, акыры тынчыды.

Урматтуу окурман, кыргыз саясатындагы тилинен башка берекеси жок Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин өткөн шайлоодогу кылган кылыгы ушул. Башка бирөөнүн капчыгынын эсебинен депутат болгусу келген эргулду ким эле жакшы көрсүн, акыры амалкөй-арамзалыктын, Алдар көсөөлүктүн да өз чеги болот да. Аскар Салымбеков партиялаштары менен бирге бул шайлоодо Адахан Мадумаровдун калк ичиндеги, анан калса түштүктөгү кадыры “кайтыш” болуп кеткенин эми чындап түшүндү окшойт. Шайлоодо шайтан азгырып, шашып жатып, “сүткө оозун күйгүзүп” алды окшобойбу. Эч нерсе эмес, эмки шайлоо эртең эле келет, ошондо бул жолку катасы өзүнө чоң сабак болуп, мелтиреп муздак турган айранды да үйлөп ичип калат. Акырында айтарыбыз, “Эмгек” эми мындан кийин эчак эки капталын бирдей жеп бүткөн Мадумаровду “желкемдин чуңкуру көрсүн” деген ураан менен эч кимге кошулбай эле, өлкө үчүн тынымсыз жана жигердүү иштей берсе, келерки шайлоодо эл өзү эле көтөрүп алат.

“Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгектин” мындай тайкы тагдыры, бактысыз жашоосу алдыда дагы башка партияларда да кайталанышы толук мүмкүн. Маселен, алардын катарында Бабановдун “Республикасы” менен Ташиевдин “Ата Журту” да бар. Бул боюнча да биз тараптан жеткиликтүү иликтөөлөр болот.

Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: