Рыспай ИСАКОВ, манасчы: “Куш – бийликтин символу”

15.09.2017 | Маек

        hqdefault

— Ат-Башыдагы Кошой-Коргон ыйык жайына барган  президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн 6 бүркүт каалгый учуп турганы көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда. Мындай көрүнүштөргө кандай ой айтат элеңиз?

— Мен ал көрүнүштү так өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин андай-мындай деп пикир айта албайм. Ал эми чынында ошондой көрүнүш болсо анда баардык нерсе жооруганга жараша болот. Жакшы нерсени жакшылыкка жооруш керек. Керек болсо жооруп эле тим болбой, аракет да кылыш керек. Мындай көрүнүш касиеттүү Кошой-Коргондон болсо, анда жакшы.

— Негизи бул алгыр куш эмненин символу десек болот?

— Куш деген өзү бийликтин символу, бийликтин белгиси эмеспи. Анан калса бүркүт учуп атса, анда андан да сонун дегендей. “Манаста” деле мындай көрүнүштөр жакшы жышаана катары кабылданат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: