Домой Саясат Рыспаев 19 жаштагы кызды сүзүп өлтүрүп, 50 миӊ сом менен кутулуп кеткен

Рыспаев 19 жаштагы кызды сүзүп өлтүрүп, 50 миӊ сом менен кутулуп кеткен

38

ЖК депутат Кожобек Рыспаев 1999-жылы 19 жаштагы сүзүп өлтүрүп алганы боюнча маалыматтар чыгып, аны депутат өзү да тастыктады. Ал  Рыспек Акматбаевдин иниси Тынычбек Акматбаевден сатып алган “Жигули” машинасы менен 19 жаштагы кызды түнкү саат ондо Сокулуктагы үйүнө келатып сүзүп алганын айтты.

Ал машинасын башка бир адам сүзгөндө, анын айынан жолдун четиндеги кызды уруп алган.  Маркум кыздын атасына барып, кыргызча жолдугун кылган. Кыздын атасы ага макул болбой, Рыспаевди сотко берген. Сот Кожобек мырзаны моралдык жактан күнөөлүү деп таап, маркум кыздын атасына 50 миӊ сом төлөп берген.

Андан кийин  апасы да сотко доо менен кайрылган. Кыскасы, акыры сот Рыспаевди актап, ишти жапкан. Депутат балким Тынчтыкбек Акматбаевдин машинасы болгондуктан атайын кол салуу болгонбу деген да версия бар экенин айтып,  бул окуяны өлгөн адамдын баскан жолуна байланыштырып бир аз бурмалап жиберген.