Рыскелди Осмонкулов: Атамбаев маданият тармагына өзгөчө көңүл бурду, кийинки президент анын иштерин улантышы керек

22.08.2017 | Маек

1326016011_yryskeldi-4

—          Президент Алмазбек Атамбаевдин кызматта турганына 6 жылга жакындап баратат. Бул жылдар аралыгында мамлекет башчыбыз маданият тармагына кандай салым кошо алды деп ойлойсуз?

—          Эми Алмазбек Атамбаев өткөн президенттерге караганда маданият тармагындагы көп нерселерге көңүлүн бурулду. Атайын маданиятты, кыргыз элинин руханий байлыктарын даңазалай турган долбоорлорду демилгелеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Буга ошол эле Көчмөндөр оюндарын кошсок болот. Ага каражат кеткени менен бизди жер жүзү таанып, өлкөгө агылган туристтердин саны көбөйдү.

Мындан сырткары, укук коргоо органдарына да өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Маселен, көптөгөн үйү жок кызматкерлер батирлүү болду. Бул да Кыргызстандын келечеги үчүн жасалган иштер деп ойлоймун.

—          Ушул жылдын аягында Атамбаев кызматтан кетип анын ордуна жаңы шайланган мамлекет башчысы келгени турат. Эл тандаган жаңы президент кандай иштеши керек деп ойлойсуз?

—          Жаңы президент Алмазбек Атамбаевдин баштаган иштерин улантышы керек деп ойлоймун. Маданият кызматкерлерин моралдык, материалдык жактан колдоого алып, кыргыз маданиятын дагы да көтөрүшү зарыл.

Чынында Атамбаев маданият тармагына өзгөчө салымын кошту. 2016-жылы Кыргызстанда Тарых жана маданият жылы деп аталып, анын алкагында кандай гана иштер аткарылганын баарыбыз көрдүк.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: