Домой Саясат Рита Карасартова, укук коргоочу: «Экс-президент ставканы көтөрүп, биздин депутаттардын абройлору да кымбат...

Рита Карасартова, укук коргоочу: «Экс-президент ставканы көтөрүп, биздин депутаттардын абройлору да кымбат баалана баштады»

40

-Рита эже, неге Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссия иштебей жатып, сынга кабылды?

-Анткени, Кой-Таштагы окуя  депутаттардын үч күндүн ичинде экс-президенттин кол тийбестигин алып салгандан улам чыкты. Депутаттардын катачылыгынан  орун алган окуяга  кайра эле депутаттык комиссия түзүлүп, ал ишти  депутаттык комиссия иликтей турган болсо, өздөрү өздөрүнө биз ушундай мыйзамсыз ишке жол бердик деп баа бере алышпайт да. Ошон үчүн Кой-Таштагы окуяны иликтеген депутаттык комиссия адилеттүү жана мыйзамга таянган чечим чыгара албайт деген ойду айтып,  коомчулукка  алдын ала коңгуроо кагып жатабыз. Бул биринчиси. Экинчиси, комиссиянын курамына Азиза Абдирасулова же Чолпон Жакуповага окшогон аттуу-баштуу адамдарды кошкон жок. Аларды комиссияга кошуп койгондо жок дегенде кандай маселе болбосун калыс караган үч-төрт киши бар дейт элек. Андай адамдар кошулбаганы үчүн аталган комиссия  иштей элек жатып, сынга кабылды.  Анткени, ал жердеги окуяда көп учурда процедуралык маселелер бузулган. Парламент өзү мыйзам чыгарган орган болуп туруп, процедураларды сактабай, баш аламандыкка жол берген. Мына ошонун  жыйынтыгы  ушундай ойго салган  окуяларга себеп болду.

-Демек, аталган комиссия окуянын чыгышынын себебине токтолбой күч органдарынын аракетине баа береби?..

-Ошондой десек да болот. Анткени, Кой-Таштагы окуянын коомчулукка белгисиз сырдуу маселелери да бар. Ал жерге  курал, күч колдонууга ким буйрутма бергени да белгисиз. Айтайын дегеним, буйрукту , тергөөчү берди деп жатышат. Чынында Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улуттук коопсуздук кызматынын атайын кызматына захват кылгыла деп буйрутма бере албайт. Ошондуктан бул жерде окуяны тыкыр иликтей турган  маселелер абдан көп.

Аталган комиссия күч органдардын аракеттерине баа бербесе, ал жердеги комиссиянын корутундусунун кимге кереги бар  деген да маселе бар. Күч колдонуп, экс-президентти колго түшүрүүнүн кесепетинен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биринин башы жарылса, дагы бирин өлтүрүп алганга чейин барышты. Ошондой эле канчалаган карапайым жарандар жаракат алды. Комиссия мына ошол депутаттардын чечими кандай нерселерге себеп болгонун да эске алышы керек.

-Экс-президентти кан төктүрбөй колго түшүрүүгө аракет кылган Курсан Асановго жана анын баласына козголгон кылмыш иште саясий куугунтук жокпу?

-Ачыгын айтсам, Курсан Асановго жана баласына козголгон кылмыш иштер саясий куугунтукка окшошуп турат. Анткени, ага колдонулган ыкма  канча жылдан бери укук коргоо жана тартип сакчылары менен бирдикте сынбаган кишилерди сындырууга багытталган  ыкмага окшоп жатат. Курсан Асанов да андай ыкма неге колдонулуп жатканын жакшы  билет. Негизи Кыргызстанда Садыр Жапаровго окшогон духу күчтүү кишилерди тергөөнүн алдында сынбасын билип, алардын балдарын, жакын туугандарын да ошол системага аралаштырып туруп сындыруунун жолун издешет. Ата-энеге бала ыйык болот. Өзү үчүн болбосо да, баласы үчүн ийилет. Өкүнүчтүүсү Курсан Асанов азыр ошол ыкманын курмандыгы болуп жатат. Ал кишини суракка алмак турсун, камаса да сынбайт. Ошон үчүн  баласын аралаштырып сындыруунун аракетин көрүп жатышат.

-Рита эже, 2009-жылы түзүлгөн келишим, 2012 –жылы токтом менен жокко чыкканына карабай азыркы бийлик “Кумтөрдү” иштеткен ишканага 16 гектар корук жерин бере турган болуптур. Бул акылга сыярлык ишпи?

— Чынын айтсам, 2009-жылы алтын казууга берилген жерди токтом менен жокко чыгарганына  карабай,  убакыт  өтүп кетсе ким жооп бермек эле  деген кыязда ошол келишимди күчүнө киргизип,  азыркы бийликтин ошол кездеги милдеттемебизди аткарып жатабыз дегени чыккынчылыкка барабар иш болуп калды. Бийлик өз билемдигин кылса да, учуру келгенде бул иштердин баарына баа берилет. Азыр бардык нерсенин түбү  акчага такалып жаткандан кийин  мүмкүн биздин бийлик ошол келишимди күчүнө киргизип беребиз деген үчүн “Кумтөрдү” иштеткен компаниядан жең ичинен сүйлөшүү орун алганбы  деген ойго кептелип жатам.

-Негизи эле корукка алынган, кайберен, илбирстер мекендеген жерди алтын казууга берип, кызыл китепке кирген жаныбарлардын тынчын алганыбыз туурабы?

— “Сары- Чат, Ээр-Таш” деген мамлекеттин коругуна алынган жерди “Кумтөргө” кошумча пайдаланууга беришкени мыйзамды уруп ойнобогондук деп ойлойм. Анткени,  өзгөчө коргоого алына турган жерлер атайын мыйзам менен бекиген.  Андай жерлер  алтын казууга,  чалгындоого берилбеши керек. Коруктарыбызды кордоп, алтын казууга бере берсек, керемет жерибизди, кооз табийгатыбыздын каарына калабыз. Бийлик элдин, жаратылыштын убалын ойлобой “Кумтөрдү” иштеткен ишканага  өзүнчө милдеткор болуп,  2009-жылдагы түзүлгөн келишимди ишке ашырып жатабыз дегени бул  алдамчылык.

-Баса, Кожобек Рыспаев Октябрь райондук соту аркылуу «Ачык саясат плюс» гезитин 300 000 сом доого жыккан болчу. Кечээ Бишкек шаардык соту да ал чечимди күчүнө калтырды. Депутаттардын гезиттерди акча төлөмөр кылганы сөз эркиндигине шек келтирбейби?

-Депутат Кожобек Рыспаевдин арызы албетте, сөз эркиндигине шек келтирет. Анткени, сот иштери боюнча ушундай жалпылаган аныктамасы бар.  Анда  даана жана так жазылган. Эгер сен коомдук ишмер, саясаттын туу чокусунда турган киши болсоң сен ар кандай кишилердин сын пикирине даяр болушуң керек деп жазылып турат. Бирок,  гезиттердин да өзүнчө принциптери бар. Алар да ошол норманы сактап, эки жактын тең пикирин эске алышы шарт.

Бирок, Кожобек Рыспаев  “Ачык саясат плюс” гезитин неге 300 миң сом доого жыкканы  таңгалыштуу. Анткени, мурда ар-намыска шек келтирди деген доомат 50 миңден ашчу эмес. Сыягы, экс-президент ставканы көтөрүп жиберген окшойт. Ошондон бери биздин парламентарийлердин абройлору да кымбат баалана баштагандай. Баарынан кызыгы, эгер мамлекеттик телеканалдар же мамлекеттик басылмалар башка бирөөлөрдү каралай турган болсо, бир жактуулукка жол берсе, аларды эч ким сотко бербейт. Сотко берсе да эскертүү менен эле чектелет.

Өкүнүчтүүсү,  саясатчылардын жана жогору жактагылардын  сөз эркиндигине залакасы тийбесе экен деп аракет кылганыбыз  менен бийликти сындаган гезиттерди акча менен басып, жаап салууга аракет кылган жагдайлар орун ала баштады.

Булак: Ачык саясат