Домой Саясат Ренат Түлөбердиев мүлкүн жашырганы ачыкталдыбы?

Ренат Түлөбердиев мүлкүн жашырганы ачыкталдыбы?

2

Улуттук башкаруучу компаниясынын жетекчиси Ренат Түлөбердиев «Көпөстөрдүн айылындагы» хан сарайын жашырып, 2016-жылы салык декларациясына киргизбегени ачыкка чыкты.

Көрсө, Түлөбердиев 2016-жылы май айында жалаң байлар жашаган айтылуу «Көпөстөрдүн айылынын» Абдрахманов көчөсүнөн 226 чарчы метрлик үй алып, анысын киреше жана чыгашасында көрсөткөн эмес. Былтыр ал хан сарайын бир жакын тууганы Бейшеналы Омуровго каттаткан.

Эске салсак, быйыл август айында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Ренат Түлебердиевди Улуттук башкаруучу компаниянын жетекчиси кылып дайындаган.

Булак: «Де-Факто»