Расул ҮМБӨТАЛИЕВ, эксперт: “Бабанов жооп бериши керек”

14.11.2017 | Маек, Саясат

42472

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кетти. Анын бул кадамын кандай баалап жатасыз?

—          Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын бул кадамы туура болду деп эсептеймин. Анткени, ага оор беренелер менен кылмыш иши козголду. Бабанов президенттик шайлоо астында Он-Адырда улут аралык чатакты козуткан сөздөрдү айтып, “өзбек калкым” деп элди бөлгөн. Кыргызстанда 2010-жылдагы Ош окуясынын жарасы толугу менен айыга элек. Андыктан мындай көрүнүштөргө жол бербөө керек эле.

—          Бабанов фракция лидерлигинен кетип эле тим болбой жооп да бериши керекпи?

—          Ага козголгон кылмышы иши аягына чыгып, Бабанов жооп бериши керек. Улут аралык чатактын Кыргызстанга кереги жок. 2010-жылы мындай каргаша өлкөгө канча зыян алып келгенин көрдүк. Ошондуктан мындай чакырыктарды таштагандар жазаланып, ал башкаларга үлгү болушу кажет.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: