Домой Саясат Расул Умбеталиев коррупцияга каршы фонд ачты

Расул Умбеталиев коррупцияга каршы фонд ачты

6

Коомдук ишмер жана энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев коррупцияга каршы «Таза Кол» аттуу фонд түздү. Ал тууралуу 5-ноябрда Бишкекте басма сөз жыйынын куруп, коомчулукка маалымдады. «Азаттыкка» берген комментарийинде фонд аркылуу мамлекеттин жемкорлукка каршы күрөшүнө жардамдашууну көздөп жатканын айтты. Фондду өзү башкарат. Байкоочу кеңеште Базарбай Мамбетов, Калыгул Бейшекеев жана Илич Боронбаев болушат.

Умбеталиевдин айтымында, фондду азыр эч ким каржылай элек. Уюштуруучулар эл аралык уюмдардан көмөк алууга, гранттарга жана демөөрчүлөргө үмүт артышууда.

Өкмөт 2018-жылы экономикалык жана кызматтык кылмыш иштерден өндүрүлгөн каражатты топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик фонд ачкан. Октябрдагы эсеп боюнча ага 1 миллиард 668 миллион сом топтолду.