Путин КР жарандарына Россияда өз күбөлүгү менен машина айдоого уруксат берди

27.07.2017 | Коом, Саясат

 

410778996

РФ президенти Владимир Путин Кыргызстандын жарандарына Россиянын аймагында өз айдоочулук күбөлүгү менен автоунаа айдап, ишмердик кылууга уруксат берүүчү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу укуктук маалымат боюнча расмий интернет-порталда жарыяланды.Эми КР жарандары Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Аталган мыйзамга ылайык, бул норма орус тили расмий тил катары кабыл алынган мамлекеттин жарандарынын бардыгына тиешелүү. Буга чейин Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитети Владимир Путинге кайрылып, КР жарандарына өздөрүнүн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүү маселесин карап чыгууну суранган. Алар ошондой эле Кыргызстанда орус тилинин расмий статусу бар экенин жүйө келтиришкен. Белгилей кетсек, 1-июндан тарта Россияда чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен транспорт айдоого тыюу салынган. Кыргызстан аталган маселе боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга ЕАЭБдин мүчөсү катары кайрылган.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: