Психикалык оорулар эмне себептен көбөйүүдө?

07.02.2017 | Ден-соолук

Учурда стресс, депрессия жана башка ушуга окшогон түшүнүктөр пайда болгон учур. Психикалык ооруга чалдыккан адамдардын саны күн санап өскөнү менен абдан оор абалда гана дарыгерге кайрылбаса, башка учур­да ар бир адам соо адамдай эле жүрө берет.

Психикалык оорулуу

Албетте, эч ким мен психикалык ооруга чалдыктым деп моюндабайт. Ошонун кесепетинен коомдо негативдүү нерселер, өзүнө-өзү кол салгандар, кылмыштар, агрессия көп болууда. Эгер өз убагында дарыгерлерге кайрылган болсо жогоруда айтылган себептер кичине болсо да кыскармак беле ким билет?

 

Психикалык оорулар мээнин  бузулуусунан келип  чыгат

Айрым нерв ооруларында (ши­шик, сезгенүү, травма) мээ жабыр­каганы менен психиканын бузу­луусу байкалбайт. Психикалык ооруларда оорулуу чөйрөнү туура эмес кабылдайт. Эгерде адам көнү­мүш абалды түшүнбөй чаташтырса, айланасындагы адамдарды душман көрүп шектенсе, башка адам сезбе­ген нерселер көзүнө көрүнүп, кула­гына угулса, себепсиз катуу кор­куп же ашкере шайырданса, анын чындыкты бурмалап жаткандыгы­нан шек саноого болбойт, ошого ылайык жүрүш-турушу да өзгөрөт, душман көргөн адамдарынан качат же ага кол салат, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракеттенет.

 

Уулануу, жугуштуу оорулар психикалык ооруларды пайда кылат

Уулануу, баштын травмасы, ички органдардын оорулары, жу­гуштуу оорулар көпчүлүк учур­да психикалык ооруларды пайда кылат. Аракечтик жана баңгилик психикалык оорулардын бирден бир себеби болуп саналат, ал эми психозду пайда кылган жугуштуу ооруларга энцефалиттер (мээнин сезгениши), мээ котон жарасы, бру­целлёз, таксоплазмоз, баш келте, грипптин айрым түрлөрү кирет. Психикалык оорулардын пайда бо­лушунда ага себеп болгон фактор­лорго адамдын жеке өзгөчөлүктө­рүнүн кошулуп кетиши белгилүү мааниге ээ. Мисалы, котон жара­дан жапа чеккен адамдардын бар­дыгында эле котон жара психозу өнүкпөйт жана мээ кан тамырлары атеросклерозго чалдыккандардын айрымдарында гана кем акылдык же галлюцинациялык жөөлүмө психоз пайда болот.

Пайда болуу себептери

Психикалык оорулардын пайда болуу себептери ар түрдүү. Алар­дын ичинен тукум куугуч фак­торлор маанилүү роль ойнойт. Мисалы, олигофрениянын, пси­хопатиянын, маниядепрессиялык психоздун, талманын, шизофре­ниянын пайда болушунда бул фак­торлордун мааниси чоң. Бирок кээ бир учурларда психикалык оору­лардын пайда болушу жана өнү­гүшү тышкы жагымсыз факторлор (жугуштуу оорулар, травма, уула­нуу, психикага доо келтирген кыр­даалдар) менен тукум куучулуктун айкалышынан да болот. Кош бой­луу аялдын ооруга чалдыгуусунан жана травмадан курсактагы бала­нын жабыркашы баланын психи­касынын бузулуусунун себеби бо­лушу мүмкүн.

Аялдар көбүрөөк жапа чегет

Психикалык оорулардын өнү­гүшүндө адамдын жынысы, жашы белгилүү мааниге ээ. Мисалы, аял­дар эркектерге караганда психика­лык дарттан көбүрөөк жапа чегет. Эркектерде травмалык жана алко­голдук психоздор, ал эми аялдар­да — мания-депрессиялык психоз жана карылык психоздор, депрес­сиялар көп учурайт. Бул кыязы, жыныстын биологиялык касиет­терине гана эмес, ошондой эле со­циалдык факторлорго да байла­ныштуу болот. Эркектер ичкиликти көбүрөөк иче тургандыгы, ошол себептүү алардын арасында алко­голдук психоздор көп байкалары табигый нерсе. Травмадан болгон психоздор эркектерде социалдык шарттардан улам келип чыгары та­лашсыз. Айрым оорулар, мисалы, шизофрения 20 жаштан 31 жашка чейинки куракта көп учурап, улгай­ган сайын кескин азаят. Оорунун чыгышына себеп болгон фактор канчалык көп болсо психикалык оорулардын формасы менен түрү да ошончо көп кезигет.

Өз убагында психологго кайрылган  жакшы

Кээси бала кезинде эле бай­калат, ал акырындан билинбей өтөт, мындан пайда болгон оору (олигофрения) айыкпайт жана өзгөрүүсүз калат. Бир катар пси­хикалык оорулар капысынан же кез-кезде кармайт, андай оору­лар таза айыгып кетет. Ошентип психикалык оорулардын акы­ры жаман бүтөт деген пикирге келүүгө негиз жок. Бул оорулар диагнозу жана прогнозу боюнча бирдей эмес; кээси жеңил өтөт, инвалиддикке жеткирбейт, ай­рымдары анча жеңил болбогону менен дарылоо өз учурунда баш­талса толук же жарым-жартылай сакайып кетүүгө мүмкүн. Психи­калык оорулардан уялып, жаман көрүнүш катары кысынууга жол бербөө керек. Дал ушундай жа­ңылыш түшүнүктүн кесепетинен психикалык оорулуулар кырсык­ка учурайт, ошондой эле оору өтүшүп, дарылоого кыйынчы­лыкты туудурат. Учурда өлкөдө психолог доктурлардын саны ар­бын болбосо да жетиштүү. Эгер­де сиз жогорудагыдай белгилер­ди байкаган болсоңуз, уялбай, кысынбай эле психологдордон жардам сураңыз. Эң негизгиси ден соолукка кам көрүп, мээни чарчатпай, өз убагында эс алып, гаджеттерди азыраак колдонуп, мээни чыңалтпай, таза абада эс алуу психикалык ооруга пайда­луу экенин дарыгерлер байма- бай айтып келишет.

Самара Саламатова


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: