Домой Саясат Прокурордун өлүмү: Калыковдун жакындары Жамшитовду экинчи жолу сотко чакырышты

Прокурордун өлүмү: Калыковдун жакындары Жамшитовду экинчи жолу сотко чакырышты

5

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн шек саналып жаткан Мелис Калыковдун туугандары башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон күбө катары сотко катышууну экинчи жолу өтүнүштү. Бул тууралуу шектүүнүн бир туугандары Дамира жана Дарийка Калыковалар башкы прокурорго жазган кайрылууда айтылат.

Каттагы талаптарды Дарийка Калыкова «Азаттык» радиосуна да ырастап, Жамшитов келбесе тергөөгө жана соттун жүрүшүнө ишенич жок болуп жатканын билдирди. Ал кылмыш катталгандан кийин окуя болгон жерге башкы прокурор өзү барганын, ошол себептүү керектүү нерселерди айтып берет деп ишенип жатышканын кошумчалады.

Калыкова белгилегендей, ишти карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяров алардын адвокаты сунуш кылган 70 күбөнүн 36сын гана угууга макулдук берди. Судья калган күбөлөрдү коргоочу тарап өзү алып келиши керек экенин эскерткен.

Шектүүнү жакындары биринчи өтүнүчүн Өткүрбек Жамшитовго августтун аягында жөнөтүшкөн. Анда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кайрылуу аларга келип түшпөгөнүн айтып чектелген.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. Иш Ош шаардык сотунда каралууда. Келерки отурумдар 9-10-11-октябрларга белгиленген.

Булак: Азаттык