Президенттин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабы ишти ыкчамдатты

15.03.2018 | Коом, Саясат

SAB_6138 (1)

Албетте, коррупцияга каршы күрөш мындан бир нече жылдар мурун жарыяланган. Бирок, ошондой болсо дагы акыркы убактарда бул жааттагы күрөш эмнегедир солгундап кеткендей болгон. Андыктан президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш жөн гана улантылбастан, күчөтүлө турганын жарыя кылган. Анда мамлекет башчысы коррупция менен күрөшүү жалпы элдик мүнөзгө айланышы керектигин жана ал күрөш укук коргоо органдары аркылуу гана чектелип калбашы зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле ал коррупция менен күрөшө турган укук коргоо жана көзөмөл органдарынын айрым кызматкерлери өздөрү коррупцияга малынып отурушканын да сынга алган.

Андан кийин мамлекет башчысы өлкөбүздөгү ММК жетекчилери менен жолугушуусунда да кол тийбестиги бар эч ким жок экендигин айтып, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө эрки жете турганын айтты. С. Жээнбековдун мына ушундай айтканына турган катуу талаптарынан улам тиешелүү органдар тарабынан активдүү иш-аракеттер жүрө баштаганы байкалды. Биз ошол президенттин талабынан кийин тиешелүү органдар тарабынан жасалып аткан иштерге азыраак саресеп салып көрүүнү туура таптык.

Бир нече этапка бөлүнгөн коррупция менен күрөшүү үчүн 45 иш-чара

Ошентип Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин президент “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” КР Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду.

Ал чечимге ылайык, Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча иштин биринчи жыйынтыктары боюнча 45 иш-чара өткөрүү белгиленди. Ал иш-чараларды өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 1-мартына, андан кийин 1-июнуна, 1-августуна чейин жана жыл соңуна чейин деп бөлүштүрүлгөн. Айрым иш-чаралар 2019-жылы өтөт.

УКМКнын ишиндеги жандануулар жана натыйжалар

Конкреттүү катуу талап коюлган соң УКМКнын иши да кадимкидей жанданды. Маселен, «Электрдик станциялар» ААКсынын генералдык директорунун мурдагы биринчи орун басары Б. Боркоев кармалды. Бул ААКнын айрым жетекчилери котлоагрегаттарды оңдоо иштерине сатып

алууларды жүргүзүү үчүн конкурс өткөрүүдө тиешелүү квалификациялык талаптарга жооп бербегендерине карабастан подряддык уюмдар менен келишим түзүп, алардын счетуна ири суммадагы акча каражаттарын которуп беришкен. Бирок, тилекке каршы оңдоо иштери Бишкек ТЭЦинин өзүнүн жеке күчү менен гана жүргүзүлгөн. Бул акча каражаттары ТЭЦти 2017-2018-жылдарга карата күзгү-кышкы сезонго даярдоо үчүн бөлүнгөн ЭЛЕ. Бирок, акча каражаты максаттуу жумшалбай калган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Мындан сырткары бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз жол менен чыгарып кетүү коррупциялык схемасы да табылды. Коррупциялык схемага фискалдык жана текшерүүчү органдардын кызматтагы адамдары да катышкан. Алардын ичинде Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, экономика министрлиги жана башкалардын кызматтагы адамдары бар. Алардын жасаган мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында өлкө бюджетине 2016-2018-жылдары 217 миллион сом зыян келген.

Ушул жылдын 6-мартында УКМК буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында салык жана бажы органдарынын имараттарында, «Полларис» жана «Интеррустрейд» ЖЧКларынын кеңселеринде, «Дордой» соода-рыноктук комплексинин айрым складдарында жана кылмыш ишинин фигуранттарынын жашаган үйлөрүндө тинтүү жүргүздү. Були ш-чаранын жыйынтыгында жасалма документтер, чет өлкөлүк жалган фирмалардын мөөрлөрү табылды. 6-7-марттарда жогоруда аталган фирмалардын жетекчилери жана салык органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери Кылмыш кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгү 2-пункту (алдамчылык) жана 304-берененин 3-бөлүгү 1-пункту (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип кармалышты. 8-мартта кармалгандарга айып тагылып жана Биринчи Май райондук соту тарабынан УКМКнын СИЗОсунда баш коргоо чарасы көрүлдү. Учурда бул иш боюнча да тергөө иштери жүрүүдө.

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Жол чарбачылыгы департаментинин директору А. Ибраев да кармалды. Ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылындагы «Нарын дарыясы аркылуу көпүрө» обьектисин оңдоо-калыбына келтирүү ишин мыйзамсыз түрдө өзүнө жакын «Кербенжолкурулуш» ААКсына берип койгон. Бул иш да учурда тергөөдө.

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызмат 13 кылмышты таап чыкты

Ооба, бир айдан бир аз ашуун убакыт ичинде эле аталган кызмат тарабынан ушунча кылмыш табылды. Анын ичинде 77 миллион сомдон ашуун бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы бар.

2016-жылдын ноябрында «Консалт Трейд» ЖЧКсынын өкүлдөрү 9 миллион долларга инжекциялык типтеги машиналык жабдуу алып келишкен. Бирок, НДС боюнча мамлекет бюджетине тиешелүү болгон 77 миллион сомду төлөгөн эмес.

Мындан тышкары «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча Биринчи Май райондук ИИБинин тергөөчүсүнө, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголгон.

Башкы прокуратурадагы жандануулар

КР Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу боюнча Башкы прокуратура жана жер-жерлердеги прокурорлор тарабынан мурда токтотулуп клаган кылмыш иштеринин өндүрүштөрү жандана баштады.

Аскер прокуратурасы тарабынан коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин сатып алуу бөлүмүнүн начальниги Ш. М.га карата кылмыш иши сотко багытталды. Ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, «Браво кейджи» ЖЧКсынын кызыкчылыгын коргоп, аскер госпиталы үчүн 12 миллион 166 миң сомго медициналык жабдууларды сатып алган. Аталган компаниянын тендердик билдирменин шарттары боюнча тиешелүү лицензиялары жана башка уруксат берген документтери жок болгон. Бирок, бөлүм начальниги бул компаниянын утушун камсыздап берген. Натыйжада Ш. М. өзү жең ичинен сүйлөшкөн М. К. экөө 7 миллион 85 миң сомду сол чөнтөктөрүнө сологон.

Мындан сырткары Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын (ОГУКС) кызматтагы адамдарына, Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин жана «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызматтагы адамдарына кылмыш иштери козголгон.

Демек, «Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» деген учкул кептин чындыгы билинүүдө. Эгерде ушундай темп менен коррупцияга каршы күрөшө турган болсок, анда анын жемиши бизди көпкө күттүрбөйт деп ойлойбуз.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: