Президенттин Коргоо кеңешинин жыйынындагы билдирүүлөрүн эксперттер кубатташууда

08.02.2018 | Коом, Саясат

35626_w654_h402_resize

Мына ушул билдирүүдөн кийин укук коргоо органдарында жогорку жетекчиликтерине чейин глобалдуу тазалоо болушу мүмкүн деген пикирлер жаралды.

Маселен, белгилүү саясат таануучу Марс Сариев маалымат булактарынын бирине дал ушундай пикирин билдирген. Анын айтымында, кадрдык жүрүштөр президент Сооронбай Жээнбековдун позициясын бекемдейт.«Бүгүн Жээнбеков биринчи жолу олуттуу билдирүү менен чыкты. Шайлоодон кийин узак убакыт ал кандайдыр бир саясый паузаны кармап турду, бул анын коомчулуктагы кадыр-баркын төмөндөтө алды. Ал акыры көлөкөдөн чыгып жана кыргызстандыктарды ойлондуруп аткан маселелер боюнча айтып чыкканы толук логикалуу жана туура», — дейт ал.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев да президент сөзсүз түрдө күч структураларын тазалоодон өткөрүшү керек деген пикирде. Анын айтымында муну «Финпол», ИИМ жана Башкы прокуратурадан башташы керек. «Мамлекет башчысы тазалабай кое албайт. Жээнбековдун бүгүнкү билдирүүсү – азырынча бардык күч структураларынын жетекчилерине ишаарат. Андан ары эгерде алар эч нерсе түшүнбөсө, аларды жөн гана алып коет жана алардын кызматтан кетүүсү кылмыш ишинин козголушу менен коштолушу мүмкүн. Алар азыр жаңжалы жок эле кетиши керек», — дейт Осмоналиев.

Анын айтымында, күч түзүмдөрүндө жогорку кызматтарды ээлеп тургандардын баардыгына «компроматтардын бочкасы» табылат, андыктан аларды кызматтан алуу оорчулук жаратпайт. «Коомчулукта өзгөрүүгө болгон талап бар, а Жээнбековго эми башка команда керек», — дейт ал.

Ошону менен бирге эле ал күч түзүмдөрүндө кадарлык өзгөрүүлөрдөн улам С.Жээнбеков мененА.Атамбаевдин ортосунда карама-каршылык башталышы мүмкүн деген ойдон алыс. «Мурдагы президенттен азыр кабар жок. Менин оюмча, эгерде Жээнбеков анын курсун – коррупцияга каршы күрөштү улантса каршы болбойт. Алар бири бири менен макулдаша алат», — дейт Осмоналиев.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: