Президенттикке талапкердин кол тийбестигине жамынып кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу К. Исаевдин шыбагасына буйрубай калды

05.09.2017 | Саясат

2EC3D0F7-73FB-46AA-92A4-9270F4B6C4D6_w1023_r1_s

“Жыгылсаң төөдөн жыгыл” позициясын карманып, президенттикке ат салышууну көздөгөн Канат Исаев 30 миң шайлоочунун колун топтой албай, талапкер катары БШКдан катталбай калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди. Анын айтымында Канат Исаевдин топтоп келген колдорун жумушчу тобу текшерүүдөн өткөрүп, көптөгөн жасалма колдорду тапкан. Натыйжада Канат мырзанын топтогон колу 30 миңге жетпей калган.

Албетте, ал 30 миң колду топтоп, талапкер катары расмий катталган күндө деле шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү болчу. Себеби, биринчиден, ал азырынча лидерлик сапатын көргөзө элек. Экинчиден, басып өткөн өмүр таржымалын чуулгандуу коррупциялык элементтер коштоп алган. Тактап айтсак, ал К. Бакиевдин доорунда Токмок шаарынын мэри болуп туруп, бир катар мамлекеттик обьектилерди мыйзамсыз менчиктештирип жибергени боюнча кылмыш иши козголгон.

Мына ошол кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн ал президенттикке талапкер катары катталып, анын кол тийбестик макамынан пайдаланып калууну көздөгөн эле. Минтип көздөгөнү жүзөгө ашпай туру. Андыктан эми ал түйүнчөгүн түйүнүп алып эле “Кайдасың Салиевич?” деп качып жөнөбөсө, сот жообуна тартылары турулуу иш. Баса, деги эле 30 миң шайлоочунун колун тыңдап топтой албаган мындай саясатчыда кайдан жүрүп “президент болом” деген амбиция ойгонду болду экен?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: