Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков: Элге ыймандуу жана ак жүрөк бийлик кере

12.09.2017 | Саясат

IMG_8247

“Кыргыз элинин президенттикке талапкер бир уулу Балыкчы шаарынын тургундарынын батасын алуу үчүн алдыңыздарга келип отурат. Сиздер менен ачык-айрым, ийри отуруп, түз кеңешип дегендей баарлашууга келдим”, — деди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын алкагында Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда.

Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө караганда, президенттин кызматы – бул биринчи кезекте, абдан чоң жоопкерчилик жана ал муну мыкты түшүнүп турат. “Менде бул жоопкерчиликти татыктуу көтөрүп кетүү үчүн ал-күч да, тажрыйба да, билим да жетиштүү. Элге ыймандуу жана ак жүрөк бийлик керек”, деп белгиледи ал.

Сооронбай Жээнбеков Балыкчы шаары Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн босогосундагы өзгөчө шаар экендигин белгиледи. Мында улут жана уруу-уруу болуп бөлүнүүчүлүк жок, анткени мында СССР учурунда эле башка аймактардан, ал тургай башка өлкөлөрдөн келип отурукташып калган жарандар көп. Мисалы, Ленинград блокадасын башынан кечирген эки ардагер ушул шаарда жашайт.IMG_8337

“Балыкчынын тургундары мээнеткеч, иштерман келет. Өлкөдө Социалисттик Эмгектин Баатырлары Асанбек Далбаевди, Асан Мамбеталиевди, Намазалы Туменовду билбегендер аз болсо керек. 2010-жылдын апрелинде үй-бүлөлүк кланга каршы күрөшкө балыкчылык Шабданбек Кулакунов, Абдыгерим Бектуров сыктуу жигиттер да катышкан”,  — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Балыкчы өзүнүн географиялык абалынын аркасы менен тез өнүгүүгө шарты бар экендигин белгиледи. “Жакында биз Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушун аяктаганы турабыз. Ошондо түштүк аймактардан келген бардык жолдор Балыкчы аркылуу өтө турган болот жана шаар экономикалык логистикалык борборго айланат”, — деп белгиледи талапкер.IMG_8304

Даярдоочу:  Сапаров К,С

«Айбат Аймак»КФ

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 12.09.2017 ж.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: