Президентти акча шайлайт

22.02.2017 | Коом

Ушул «оору» Совет бийлиги менен кошо келген эмеспи. Кыргыздын кызмат кууганын айттым. Мейли, кичине, кипкичине болсун бир кызматка ээ болуп, кичине, кипкичине папке көтөрүп, жок эле дегенде бир киши башкарып жүрүш кыргызга мүнөздүү болуп калган.

Кыргыз Республикасынын президенти

Бул кыргыз улутунун табиятында эмес, жасалма келген жосун деп билели. Мындан отуз-кырк жыл мурун кыргыз дегениң акчалуу, бирок, баркы жок деп өздөрү сыпаттап  алган кесипти алгандан уялып турчу. Айталы, телемастер, электрик, муздаткыч, кир жуугуч,  автомашина оңдогуч, ширетүүчү, монтаждоочу, кыш кыноочу, шыбакчы,  ж.б. толуп жаткан кесиптин ээлери көбүнчө орус жана башка улуттагылар болчу. Булар кыргыздарга кызмат кылган болуп эбегейсиз акчасын соруп турчу да. Мисалы, телевизор оңдогон орус келип, каалаган суммасын айтып, оңдоп кетчү.  А кыргызың, папкесин көтөрүп, жаман мурду кошо көтөрүлүп, эптеп балдарын бакчу да… Эми баары өзгөрдү. Азыр кыргызың кесип тандабай калды, баарын өздөрү жасап, оңдогондор чыкты. Бирок, папкелүү кызматка жулунуп турган жосуну калбады. Карап көрсөңүз, айылдык, шаардык кеңештерге, Жогорку Кеңешке депутат болом деп сансыз адамдар чуркайт, айыл өкмөттү, андагы майда кызматтарды, аким ж.б. кызматтарды качырган миңдеген адам катталат. Аларга деле мейли эле, анан президент болом деп итибай менен чотубайлардын чуркаганы эң эле кызык болубатпайбы…

Мээси көңдөйлөрдүн билишинде президент болуп иштеш тим эле жыргализм да. Эмне, чучуктан кыя кесип жеп коюп, кымыздан ууртап коюп, кези менен коньяктан уруп,  кошоматчылар алып келген акчаны нараак салып коюп, «сен тигини кыл, сен аны кыл» деп буйрук берип коюп, кааласаң чет өлкөлөгө каттап, кааласаң биздин эле курттордо эс алып, аялың менен балдарың өзүнчө талтактап, саунага түшүп, сулууларды ырдатып… Койчу, деги илгерки хандардын турмушундай көрөт да!

Реалдуу турмушта президент деген өтө жооптуу, өтө кооптуу, көз ирмем да тынчы жок, кыбыр эткени элдин көз алдында турган эң кыйын кызмат. Кыргызстандын мисалында президенттик бийлик Конституция боюнча азга төмөндөтүлдү, демек, түйшүгү да азга азайды. Антсе да элдин, мамлекеттин  тагдырына жооп берген жана күйгөн биринчи адам  президент болуп эсептелет. Азга эс алып жатса да, түмөн түйшүгү дилинде, президенттерде  чыныгы эс алуу болбойт… Журтунан куулган Акаев менен Бакиев миллиондогон доллар уурдаганы менен, президенттиктин «жыргалын» көрбөй кетти. Анткени, президенттик иште жыргал турмуш деген болбойт. Мына ошону дил менен түшүнгөн адамдарыбыз аз эле. «Эл дүрбөсө,… кошо дүрбөйт» эсебиндегилерге айла жок. Аларсыз деле президенттик шайлоого катышышым керек дегендер жоон топ болуп, биздин адамдардын  амбициясы нормадан алда-канча ашып турганын көрүп жатабыз. Ооба, азырынча президенттик шайлоого барчулардын анык тизмеси тактала элек, ага көп бар. Бирок, ушул неме президенттик шайлоого кандидатурасын коёт деп божомол менен айтууга болот. Ошолордон тизмектеп туралы: Эмилбек Каптагаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Иса Өмүркулов, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев, Доктор Апаз, Жылдызкан Жолдошева, Аалы Карашев, Абдил Сегизбаев, Сооронбай Жээнбеков, Турсунбек Акун, Канат Исаев, Турсунбай Бакир уулу, Аида Салянова, Албек Ибраимов,  Өмүрбек Бөлтүрүков… Жамбыл Камчиев менен Борончу чыга калышы мүмкүн…

Саналгандардын ичинен Сариев менен Төрөбаев президенттик шайлоого катыша тургандыгын расмий түрдө билдиришти.

Бул президенттик шайлоо мурункулардан өзгөчө болот. Дегенибиз ушул- мурун Акаев менен Бакиев, Отунбаева менен Атамбаев шайлоо боло электе эле ушул президент болот деп белгилүү болуп калган. Азыр антип айтканга болбойт, буюрганы шайланат деп турабыз…

Айтор, оюн-чыны менен президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны көп эле болот. Албетте, жогоруда аты саналгандардын ичинен кандай да болбосун, салыштырмалуу түрдө айтсак, президенттикке жарап берчү жигиттербиз бар. Маселен, кимдин утуп чыгышында болуп турат. Азырынча бул утат деген божомолду айтуу да болбойт. Кандай болсун абройдун эмес, акчанын күчү жеңери мындар ары боло турган жол болуп калат го… Кандидаттардын көбүнүн көңүлү башкада болот: айталы, орто жерден атын чыгаруу максаты, президент болчу чыныгы талапкерге кызмат көрсөтүп бир пайда көрүү, орто  жерден соодалашып акча табуу, ж.б. Тилектери ташка тийсин!

Дүйнөлүк масштабдан алганда дегеле бир дагы президент төгөрөгүн төп келтире иштеген  президент болбоптур. Атактуу президенттер Рузвельт, Де Голь сыяктуулар деле жаза баскан эмеспи… Анткени, президенттик иште адамда болгон бардык сапаттар пайдаланылат.  Айталы, адамкерчилик, аккөңүлдүк, айкөлдүк, жүрөктүүлүк, аны менен бирге куулук, дипломаттык касиет, ыңгайына жараша мүнөзүн өзгөртүп жибергендик, кара мүртөздүк, ж.б. Мына ушул саналган жана саналбай калган сапаттар бир адамда ташка тамга салгандай иштей албайт, бирде болбосо, бирде өксүгү чыга келет. Ошону жасаткан президенттик кызматтын татаалдыгы.  Ушул сыяктуу маселелер президенттикке талапкерлигин чын ниеттен коюп жаткан жарандарыбызды күнү-түнү түйшөлтүш керек. Ал эми калган адыраңмайларга баары бир… Баса, бирде арстандай айбаттуу, бирде карышкырдай каардуу, бирде түлкүдөй куу… Путинден көп нерсени үйрөнсө болот.

Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: