Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2040-жыл мезгилге чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумуштарды камсыздоо тапшырмасын берди

07.08.2017 | Коом, Саясат

 

 

29379_w654_h402_resize

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 5-августта өз Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен Кыргызстанды 2040-жыл мезгилге чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумуштардын жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы стратегиялык документти тыкыр даярдоону камсыздооны тапшырды. Документтин борборунда адам, анын өмүрү, саламаттыгы, билими, укуктары жанан эркиндиктери болууга тийиш  жана өлкөнү андан ары өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн, билимдерге негизделген экономикага жетүүнүн «жол картасы» болуп калышы керек.

Андан тышкары Сапар Исаков Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү боюнча Президенттин Аппараты жасап жаткан иштер, андан тышкары Мамлекет башчысынын тапшырмаларын ишке ашыруу жана өлкө үчүн маанилүү милдеттерди аткарууда башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралу Президентке маалымат берди.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: