Пайдалуу кеңеш: балык, пияз, сүт, күрүч, эт, камыр, туз

  • Пияздын ачуу даамын кетириш үчүн аны кесип алган соң бир аз убакытка муздак сууга салып коёт.
  • Пияздын артып калган жарымын кесилген жагы менен туз салынган тарелкага салып койсо таза бойдон сакталат.
  • Ашкөк, петрушка сыяктуу көк чөптөрдү жуугандан кийин фольга кагазына ороп муздаткычтын тоңдурмасына салып койсо, ал 2-3 айга чейин жаңы бойдон сакталат.
  • Соолуп калган көк чөптү бир саатка уксус кошулган сууга салып койсо, жаңыланып калат.
  • Сүт узак убакытка ачыбай турушу үчүн аны кайнатып жатканда 1 литрине 1 чай кашык шекер кошуп кайнатат.
  • Май жана башка майлуу азыктарды желим баштыкта сактагандан алар тез бузулуп, жагымсыз жыт пайда болот.
  • Күрүч апакай болуп жабышпай бышсын десеңиз, ал кайнап жаткан сууга 0,5 чай кашык лимон ширесинен кошуп коюңуз.
  • Идиштеги шекер, бал же кыямга кумурска кирип кетпеши үчүн идиштин чекелерине күн карама майынан сүртүп коёт.
  • Тамак күйүп, ташып кетпестиги үчүн аны жай күйгөн отто бышырган оң. Плита менен күйгөн казанды тазалоо машакаттуу жумуш. Эгерде көмөч казанга туздан сээп койсо, куурулган тамактын майы чачырабай бышат.
  • Сүт кайнаткан идиштин кырларын майлап койсо, сүт ташыбайт.
  • Катып калган сырды сүткө салып койсо кайрадан жумшак жана жаңыдай болуп калат.
  • Эт, балык, тоокту кууругандын алдында туздап коюш керек, ошондо ал ширелүү жана даамдуу болуп бышат.
  • Котлет менен этти жакшы кызыган майга салып кууруш керек, ошондо алардын ширеси агып кетпейт.
  • Боор этти куурусаңыз, алдын ала жарым саатка сүткө салып койсо даамдуу бышат.
  • Балыкты жарым күн жаңы боюнча сактоо үчүн ага ири туздан сээп, уксуска чыланган салфеткага ороп коёт.
  • Балык эти кууруганда майдаланып кетпеши үчүн аны туздап, 10-15 мүнөткө тыныктырып коёт.
  • Куурулган балык даамдуу болушу үчүн аны 5-10 мүнөт сүткө салып, андан кийин унда оонатып алыш керек. Ошондон кийин абдан кызыган күн карама майына кууруп алат.
  • өлгөн балыктарБалыктын жаңылыгын билүү үчүн аны суу куюлган идишке салып көрөт: жаңы балык сууга чөгүп кетет.
  • Камыр жасаганда сууга унду салбаш керек, мунун тескерисинче, унга суудан куюп улам жууруп отурат, ошондо камыр тегиз жуурулат.
  • Камыр жасаардан алдын унду сөзсүз түрдө элеп алыш керек: кычкылтек менен байыган ун борпоң тартып, жасаган тамагыңыз жакшы бышат.
  • Камыр жуурганда маргарин майынан кошуп жуурса, андан жасалган нан ж.б. азыктар катыбай жакшы турат.
  • Туздуу тамакты алюминийден жасалган идиште сактабаш керек.
  • Жашылча-жемиштерди аарчыгандан кийин колду 5 мүнөткө уксус кошулган сууга салып турса кол жумшак жана апакай болуп калат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: