Өзөгүбүз жакшы, өзүбүз болбой калдык. Кадам ушул…

04.04.2016 | Аналитика

карикатураКээси менен бир кичинекей эле окуя көп маселени чубата ойлонтуп, мээң чарчаганча толгонтуп таштайт. Өткөн жумада ошол маанай мага келип жатпайбы. Кантта турам. Үйдөн чыгып маршруткага түшүп жумушка келаткам. Аңгыча темир жолдон поезд өтүп шлагбаум жабылып, азга туруп калдык. Дал ошондо бир ак Жип бизден өтүп барып токтоп, кайра артка бурулду. Андан бир орус аял чыгып, кебетеси отуздун жоон ортосунда бар, шоопурга: «Атам каза болду, бүгүн коюлат, кел», — деп кабар айтып жатпайбы. Артынан кууп келгенине караганда жакын туугандарынан го. Тиги шоопуруң: «Жок, мен баралбайм, өзүң көрүп жатпайсыңбы, жумуштамын», — дебатпайбы. Тиги аял: «Андай болсо, поминкасына кел», — деп сөөк коюлгандан кийинки тамагына чакырды эле шоопуруң дагы так секирди: «Ой, айтып жатпаймынбы, таптакыр бошобойм» — деп. Баралбаса да, «атаңдын арты кайырлуу болсун» деп көңүл айтып койбойбу да. Мындайда кыргызым эске келет эмеспи. Кыргыз дегениң жанагыдай кабарды укканда машинадан ыргып түшүп тиги аялды кучактай көңүлүн айтып, бир аздан кийин машинасын кезметтешине өткөзүп туруп барарын андан бешбетер айтып, ошол айтканындай эле кезегин башкага берип жаназага жанталаша жетип барбайт беле. А бу орусуң кайра тигини менен урушканы жүрөт, «иштеп жатканды көрүбатпайсыңбы» деп. Не деген жосун булардыкы?! Эл болбой калсын!

Бу улуу кыргыз дегениң жаман менен жакшылыкта бир бүтүнгө айланып кетет. Бөтөнчө бирөөнүн башына жамандык келгенде жан бере жанында болот, кайгы-капасын тең бөлүшүп, тиги башына кайгы түшүп  күйгөн адамдан артык күйүп берет. Кечээ эле уруша кетип жүз  карашпай калган абалда  да биринин башына кайгы түшсө жетип барат эмеспи! Мына, кыргыз деген ушундай айкөл эл болот. Жумушка келатып элимдин улуулугу жөнүндө не деген ойлор келген жок. Ошондо ата-бабалардын не бир ыйык салттары биринин артынан экинчиси чууруп, ошол тушту эңсетип турду го! Анан аны менен бирге ашкере боорукерлигибиз, көтөрүмдүүлүгүбүз, кечиримдүүлүгүбүз да ойго келет. Маселен, «атаңды өлтүргөнгө энеңди алпер», «таш менен урганды аш менен ур» деген маанилери элдир-селдир эс тарткандан бери эле мээмди жеп келет да. Дайыма жазып келем.  Булардын кандай философиялык терең мааниси бар экендигин миң түркүн аласалдырып оңуна келтире албай койдум!  Айтылганды түз түшүнбөй кыйшыгынан кетип түшүнүп көрөйүнчү дейм, деле болсочу!

Дагы бир себебине жообум жок көрүнүш — кыргызымда  акчага биротоло багынып бергендер толуп кетти. Эң жаманы ушул болду. Акчага багынып берген адам жаман сапаттардын баарына багынып берген адам! Эми ал сөздүн түз маанисинде адам өзөгүндөгү адам деген атка шек келтирип, эми накта адам  боло албайт, бир жеринде жаман деген сыпаттама жабышат, бүттү, ошону менен өмүр өтөт. Жаманы бар сапатты алып жүрүп өмүр өткөзгөн адамдын өмүрү кандай бааланмак?! Мисалы, акчагы алдырып салган адамды ачкөз дейт; акчага алдырып салган адамды элдин ырыскысынан жеген шүмшүк дейт; акчага алдырган адамды «өзү тойсо да көзү тойбойт, энеңди…» дейт. Мына ушундай тескери «дейттер» аны бура бастырбайт. Ал сыпаттамалар өзү менен эле кошо кетсе мейли эле, антпей, артында калган бала-чакасына «энчи» болуп калыбатпайбы! Ошол жаман.

Мурун акчага алдырган адамдар аз эле. Ал көрүнүш азыркыдай типтүү көрүнүшкө айланган эмес. Эми кара, кызматкерлер дүңү менен эле жеп-ичип калды. Тазасы өтө аз. Ошондуктан кызматкер дегендин баары карапайым калк көзүнө жеп-жуткан неме болуп көрүнөт. Жок, бул айтканыбызда кенедей да апыртуу жок. Баам салыңыз, күн өткөн сайын пара алгандардын саны көбөйүп жатат. Ошол кармалгандар бери дегенде жүздүн бири. Азыр «бүдүрү» бар кызматта олтургандын баары жейт. Жанагы «жебеген жердин алдында» деген кеп мына эми накта баралына келип, ооз тарттырбай турганы. Эр болсоң, токтотуп көр!

Элдин миллиондогон акчасын жеп алып эч нерсе болбогондой эле эл аралап, чогулуштарда сүйлөп, бала-чакасына акыл айтып, өз туугандарынан да, кайын журтунан да, жоро-жолдошторунан да уялбай бетин тултуйтуп басып жүргөндөрдү кайсы ат менен атайбыз. «Абийирсиз» деппи, «айбан» деппи, «уятсыз» деппи же «ачкөз» деппи?! Маа демектен жети жүз жолу желмогуз де, анын кылы кыйшайбайт. Андайлардын жазасын мыйзам деген нерсебиз бериши керек эле, аның дурус иштебей жатат, адам абалына, кызматына жараша иштеген болот, кээси менен. Эгерде мыйзам баарына бирдей деп чогулуш сайын айткан кебибиз турмушка ашып турса, кылмышкерди сортко бөлбөсө, анда азга тартип оңолмок. Коррупция дегенге алдырып коюп эле коркуп жатпайбызбы, болбосо, мыйзамыбыз иштеп берсе, коррупция деген энесинин көчүгүнө кире качып жок болбойт беле! Маселе, мыйзамдын иштебей турганында болуп жатат. Туураңан турган турмуш а-а, коррупцияга каршы күрөшчүлөр өздөрү аны менен коюн-колтук алышып басып жүрбөйбү! Ме сага!

Ооба, кыргыз деген калк бири-бирине аябай күйүмдүү келет. Мына ошол күйгөн кебетеси кийин тескери тарапка өтүп кетип жатат. Айталы, жеп-ичкендерди коргоп, аларга «күйүп» митингдерди өткөзүү, жол тосуу жана башка акцияларды уюштуруу. Мейли, ошол күйгөн адамың «ак жерден торго чалынып» жатса, анда жаныңды бергенче күй, өрттөнүп кет!. Анан элинин ырыскысынан эбегейсиз алып, жыйырмадай үй менен  квартира, толгон пансионат, сауна, ресторан, машина, жер тилкелери  ж.б. жүз миллиондогон баадагы байлыкты жеп алган нааданга күйүш кылмыш го бир! Дал ушул учурда кыргыздын дагы бир салты тепселип жатпайбы! А да болсо акчанын айынан!

Аз мурун мамлекетибиздин тынч абалы бир аз козголо түшкөндөй болду — эч себеби жок эле чек арадагы башы чечиле элек талаш жерге Өзбекстандын аскери менен согуштук техникасы кирип келди. Бул опурталдуу учур эле. Биздин мамлекет дароо нааразылык нотасын билдирип, чек араны кайтарууну күчөттү. Президент да, премьер да чукул жыйындарды өткөзүп, тиешелүү күчтөргө көрсөтмө берип турду. Премьер-министр Темир Сариев Кербенден айтпадыбы: «Бир сантиметр жерибизди да бербейбиз» деп. Үч күн мурун президент да: «Биз жерибизди коргоп алабыз, биз эч кимге кол салбайбыз, бирок, жерибизге да киргизбейбиз!» деп.  Кыргызды оңой көргөндөр, бир аз тарыхыбызды барактап койсо ашыгы болбойт эле! “Манасты” окуса, аны жараткан эл менен ойногонду токтотолу демек. Дал ушундай кыйын кырдаалда митинг өткөзүп, мамлекет жетекчилиги чече албай жаткан маселени алеки-саатта эле чече коёт элем деп айтылуу Ташиев теминип калды, артынан Бекназаров, Асанов дегендерге кудай берип салбайбы. Кооптуу учурда элди дүрбөтпөш керек. Э, айланайын «кыйындар», ачууга алдырган тентек балдар өзбектер тарапкка ат коюп берсе, эмне күн болот?! Бул жөнүндө башка жер менен эмес, мээ менен ойлонуш керек эмеспи!

Эми азыркы оппозицияга сын бериштин деле кереги жок. Башкасын коюп Бекназаровду эле айтса, алардын сын-сыпаты чыга келип жатпайбы. Бу Бекназаров кезегинде вице-премьер да болду, Башкы прокурор  да болду. Анан эмне иш аткарды? Ага жооп жок. Бирок, «Башкы прокурор болуп турганда акчалуу кылмышкердин далайын бошотуп, жарылганча тоюнган» деген жардыгы бар. Ушул жерде «эл айтса, калп айтпайт» дегенди эстей кетели.

Дагы бир жарым жыл өтсө, президенттик шайлоо болот. Мына ошол шайлоодо бийликке жанталашып жаткан оппозиция лидерлери утуп чыксын да мамлекетин башкарсын. Ошол күн келсе, анан Асанов президент болсо, элестетип көрсөңүз… Кой эй, андайды элестетпей жүрөлүчү… жакшылыгынан берсин дейличи…

Кыргыз дегендин өзөгүндө Улуулуктун, Ыйыктыктын баары бар. Андыктан азыркы жаман делген сапаттарыбызды «кирди-чыкты» түрүндө карап, кадамды жакшы жакка таштаганга аракетти кылып берели да. Ошондо биз күткөн күн келип берет! Баса, кыргыз мүнөзүндө көроокатка биротоло берилип кетүү жок. Акчага азгырылган азыркы абал — бир келип-кетчү балээдир…

Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: