Өзбекстандан Ысык-Көлгө алгачкы рейс менен эс алуучулар келишти

04.07.2017 | Коом

 

c10d8166c06c9d5bc5985050f966ab78

 

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортуна  ичинде 190 жүргүнчүсү бар өзбекстандык учак келип конду. Ташкенттен Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды.

«Өзбекстан аба жолдору» шейшемби сайын 190 орундуу Боинг–757-231 учагы менен Ташкент–Тамчы–Ташкент каттамын аткарат.

Бул рейстер августтун аягына чейин жүрүп турат. Булак: 5news.kg


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: