Өзбекстан «азуусун» неге көрсөтөт?!

28.03.2016 | Аналитика

Ислам Каримов

Аз күн мурун Өзбекстан эч кандай балээси, «аки-чүкү» деген эскертүүсү жок эле чек араларын жаап, Ала-Букадагы 38 гектар талаш жерге согуштук техникасын алып келип койгон, аскерлерин көбөйткөн. Мамлекет аралык келишим боюнча чек арадагы талаш жерлердин маселеси чечилмейин, ал жерлерге аскерлер да, согуштук техника да кирбеши керек.

Бул окуядан кийин президент Алмазбек Атамбаев  Чек ара кызматынын жетекчиси Райымберди Дүйшембиевди жана Коргоо кеңешинин катчысы Темир  Жумакадыровду  кабыл алып чек арадагы жарандардын коопсуздугун так сактоого көрсөтмө берди. Өкмөт башчы Темир Сариев күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги менен шашылыш кеңешме өткөздү. Андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин  статс-катчысы Данияр Сыдыков  Өзбекстандын элчиси Камил Рашидовду  чакырып колуна нааразылык нотасын карматты. Азыр эки тараптын сүйлөшүүсү жүрүп жатат, бирок, дале болсо өзбек тарап келишимди бузгандыгынын себебин айта элек. Биздин чек арачылар саксактанган кырдаалда кызмат өтөп жатканы. Аталган кырдаал, андан кудай сактасын,  чек ара кагылышуусун алып келчү кырдаал. Өзбекстандын орунсуз кылыгынан кийин  Кыргызстан тарап тигилер канча техника менен аскерин алып келсе, дал ошончо сандагы техника менен аскерин бетме-бет койду. Расмий эмес маалыматтарга караганда Өзбекстандын мыйзамсыз аракети «Нооруз» майрамына байланыштуу деп да айтылып жатат. Мында эч кандай логика жок го…

Акыркы маалымат боюнча абал туруктуу. Эки тарап тең аскер санын кыскартып сегизден гана аскер калды. Алар жети-сегиз кадамдай эле бетме-бет турат экен.

Мындайда оппозицияга кудай берип салбайбы. Алар өзбектердин кылыгын сындагандын ордуна түз эле президентти жана бүтүндөй бийликти сындап кирди. “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев минтип жатканы: “Жалал-Абаддан, Оштон, Бишкектен чыгып Таш-Көмүрдөгү чоң көпүрөнүн жанынан жолугабыз да баарыбыз Аксыны көздөй аттанабыз. Мына, биртоп күндөн бери президент же өкмөт башчысы чыгып маалымат берип койгон жок. Биз дипломатиялык жол менен эле ызы-чуусу жок маселени чечип коебуз”.  Колунан келип турса, эмнеге чечсе болбосун. Бирок, сак болуу керек го. Эпадам Ташиев эски “оорусун” карматып чек арадан ашып түшөм десе эмне күн болот?!

Чек ара кызматынын мурунку жеткчиси Курманакун Матенов: “Мындай кыйкырык-өкүрүк менен алардын  (оппозиция-Б.А.) ушундай кырдаалды пайдалануу максаты түшүнүктүүү болуп жатпайбы. Мисалы, булар кандай чечет? Элди ошол жакка үгүттөп, баскыла өзбек чек арачыларын кууп чыгабыз десе, күч колдонуу, таш бараңга алуу болот да. Анан, албетте, кырдаал курчуп кетет. Маселени өзбек чек ара жетекчилиги чече албайт. Жогору жактан айтылган да…” Ооба, оппозиция да намысына келип жатат, алар да кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн баарына барат. Бирок, алар аталган  окуяга өтө сак мамиле жасашы  керек.

Жаман ойдон алыс бололу да эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүн салыштыра  мисалдатып коелу. Бул маалыматтар интернет булактарынан алынды:  Өзбекстандын 65 миң аскери, 420 танкасы, 715 БТР менен БМПсы, 880 замбиреги, 143 өзү жүрүүчү артиллериялык куралы, 109 залп менен атылуучу реактивдүү куралы, 166 самолету, анын ичинде 69 истребители, 69 вертолету бар. Кыргызстандын: 16,5 миң аскери, 150 танкасы, 438 БТР менен БМПсы, 159 замбиреги, 30 өзү жүрүүчү артиллериялык куралы, 21 залп менен атылуучу реактивдүү куралы, 6 самолету (анын ичинде 4 транспорттук самолет), 6 вертолету бар. Салыштырып көрсөңүз, өзбектердин армиясы биздикине караганда эселеп кубаттуу экен. Бирок, согуштан кудай сактасын. Эмне, куралы менен кубаттуулугуна  таянып үстөмдүк кылган мезгил бекен азыр. Эгерде андай болсо, Америка, Россия, Кытай бүт дүйнөгө күн көрсөтпөйт эле да…

Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: