Өзбек ырчысы А.Атамбаевдин «Энекем» ырын ырдады

11.10.2017 | Коом, Маданият

1507535135_snsssssssimok

Өзбекстандын эстрада ырчысы Шерзод Набиходжаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин «Энекем» деп аталган ырын ырдады.
Ырчы кыргыз президентинин ырын ырдап жаткандагы тасманы социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жүктөдү.
Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын май айында өзүнүн апасына арналган «Энекем» деген ырын жарыялаган. Бул ыр өлкө башчысынын алтынчы ыры болчу.
Шерзод Набиходжаев буга чейин кыргыз эстрадасынын «Сары Ой» ырын аткарган болчу.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: